УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна келди

Баткен облусу. 30-апрель 2021-жыл. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү. Сүрөт: Kaktus.media

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев 30-апрелде Баткен облусуна келди. Ал обладминистрацияда жабык жыйын өткөрдү.

Ошондой эле өкүлчүлүктүн алдында чогулган 100дөгөн кишилер менен жолукту. Ташиев 28-апрелде дарылануу үчүн Германияга учуп, жарым жолдон кайтып келди.

Азыркы тапта чек арадагы абал чыңалуу бойдон калууда. Акыркы маалыматтар боюнча, чырдан 134 кыргызстандык жарадар болуп, анын 13ү каза болду. Набыт болгондордун арасында 12 жашар өспүрүм жана үч аскер кызматкери бар.

Ал эми эрте мененки маалымат боюнча Тажикстандын 90 жараны жарадар болуп, 10 киши каза болду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган. Кыргызстандын чек ара кызматы буга Тажикстандын жарандарынын Ак-Суу дарыясынан 3-4 метр аралыктагы шарттуу чек арадан шагыл жүктөп кетүүгө аракети жана «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орноткону себеп болгонун билдирген.

Кыргызстандык чек ара кызматы жана Баткен ОИИБи видео байкоо орнотууну токтотууну талап кылган. Бирок саат 12:25те Тажикстандын Хожа-Аъло айылынан болжол менен мергенчи куралынан ок чыгарылган.

Көп өтпөй кыргыз чек арачылары менен тажик чек арачылары жолугушкан. Кыргыз тарап видео камера орнотуу иштерин токтотууну талап кылган. Бирок тараптар бир пикирге келе алышкан эмес. Ошондо Кыргызстандын жарандары камера орнотулган мамычаны өз алдынча аралап баштаган.

Суу бөлүштүрүүчү жайга эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары чогулуп, бир-бирине таш ыргытышкан. Анын кесепетинен ондогон киши жаракат алган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев буга чейин Согди облусунун губернатору Ражоббой Ахмадзода чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун айткан. Бирок Исфара районунун акими губернатордун тапшырмасын аткаруудан баш тарткан.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы «чырдын ырбап кетишине кыргыз жарандары себеп болгонун» билдирди. Алардын версиясы боюнча, кыргызстандыктарды Баткен облусунун акими Акылбек Орозов баштаган. Ал эми «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын ташып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатканын» кабарлаган.

Кыргызстандын чек ара кызматы бул маалыматты төгүндөп, коңшу өлкөнүн күч органдары чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатканын билдирген.

«Тажикстан социалдык тармактарга “жаңжалды кыргыз тарап курчутуп жатат. Бул үчүн алыскы райондордон жарандарды алып келип, улуттар аралык кагылышууга себеп болууда” деп тараткан маалыматы чындыкка туура келбейт», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Кийинчерээк эки чектеш облусттун башчылары жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөндөн кийин абал турукташа баштаган. Бирок 29-апрелде таңкы саат 4:40та Баткен районунун Кочо-Бою тилкесинде абал чыңалган.

Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, буга Тажикстандын жарандары кыргызстандыктардын үйлөрүнө таш ыргытып, Ош — Баткен — Исфана жолунун Төрт-Көчө участкасында унааларга ок чыгарган. Натыйжада Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургундун көзүнө ок тийген, Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген — абалы орто оор.

Мындан улам жергиликтүү бийлик Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизген. Ошондой эле Ош — Баткен — Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагы жабылган.

«Головнойдо» уланган чыр

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында абал чыңалуу боюнча калган. Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, саат 14:00до Кыргызстан жана Тажикстандын аскер бөлүкчөлөрү атышууну баштаган. Анын кесепетинен Кыргызстандын жарандары жана аскерлери ок тийип жарадар болушкан. Алардын арасында каза тапкандары да бар.

Саат 17:00до Тажикстандын күч орандары «Булак Башы», «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук» чек ара заставаларына, ошондой эле «Кожогар» жана «Кызыл-Бел» чек ара бекеттерине ок чыгарган. Миномёттон чыгарылган октон «Достук» заставасы күйдү.

Баткенге 29-апрелде Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жана вице-премьер Артем Новиков барышкан. Ал эми 30-апрелде Баткен облусуна УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да барды.

Кийинчерээк ок атышуулар Лейлек районунун Кулунду жана Максат айылдарында да уланган. Баткен облусттук милициясы Максат айылында жергиликтүү тургундардын үйлөрү жана дүкөндөрү өрттөлүп жатканын кабарланган.


Чек арага чектеш айылдардын 20 миңден ашуун тургун коопсуз жайга эвакуацияланды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 30-апрелде чырдан 13 киши каза болгонун кабарлады — алардын ичинде 12 жаштагы кыз жана аскер бар. Мындан сырткары 134 киши жарадар болушту.