Ошто окуучу мектептин 2-кабатынан секирип жаракат алды. Окуя териштирилет

Мектеп имараты. Иллюстративдик сүрөт

Милиция Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы №3 Мамат Нурбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу 2-кабаттан эмнеге секиргенин териштирет. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, окуя 17-майда болгон. Окуучу бутунан жаракат алып, айылдык ооруканага кайрылган. Ал эми окуяга күбө болгон классташтары милицияга окуучу өзү секирип кеткенин айтышкан. Жаракат алган окуучу да өзүн текшерип көрүү үчүн ушундай кадамга барганын айткан. Бирок окуучунун атасы ага ишенбейт.

«Атасы милицияга арыз жазды. Ал баласы себеби жок терезеден өзүн-өзү таштабай турганын айтып, мектепте ага терс мамиле же өзүнүн жанын кыюуга мажбур кылуучу аракеттер болушу мүмкүн деп жатат», — деп милициядан билдиришти.

Аталган факты КЖБРге «Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Өткөн жылдын 18-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айылында 14 жаштагы бала асынып алган. Мындан сырткары, 2020-жылы Ысык-Көл облусунда 13 өспүрүм өз жанын кыйган.

Кыргызстанда балдар жыл сайын физикалык, сексуалдык жана эмоционалдык зордук-зомбулуктан жабыркап келет. Балага карата кандай гана формада зомбулук болбосун, бул алардын жашоосундагы бардык баскычта кыйратуучу кесепетке алып келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн