Баткенде Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай стратегиялык жолунун курулушу башталды

Президент Садыр Жапаров 28-майда Баткен районунда салынып жаткан Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышып чыкты.

Жолдун курулушунун максаты — райондун Ак-Сай айылына чейин Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамын камсыз кылуу. Ак-Сай жана Миң-Булак айылдарын туташтырган жол кыргыз-тажик арасы менен чектеш аймактарда жайгашкан.

«Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай жолунун узундугу 48 км. Азыркы учурда 7 км жолдун жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документациясы даярдалды», — деп билдиришти президенттин басма сөз кызматынан.

Апрелдин аягындагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда Миң-Булак — Ак-Сай жолунда тажик аскерлери кыргызстандыктардын унааларын аткылаган. Ошондой эле тажик тарап Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө тилкесин жаап салган болчу.

Скрин Яндек.Карты тиркемесинен алынды

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн жаңы жол Миң-Булактан Чорго аймагы аркылуу Ак-Сайга, андан ары Ак-Татыр жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнө, ошондой эле, Лейлек районуна барууга альтернативдик мүмкүнчүлүк түзүп берээрин билдиришти. Мындан сырткары, жолдун статусу стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгилешти.

Хожаи Аъло — Ворух жолун куруу тууралуу келишим

Скрин Яндек.Карты тиркемесинен алынды

6-майда Кыргызстан менен Тажикстан Ворух анклавына барчу альтернативдик жол куруу боюнча келишим түзгөнү белгилүү болду. Аталган жол Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырып, ал Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулмакчы. Бирок Тажик тарап аны өзү колдонот жана жолду өзү тейлейт.

Жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат. Президент Садыр Жапаров айткандай өкмөт жарыялаган билдирүүдө жол Баткенге караштуу болоору жазылган эмес.

Келишим тууралуу маалымат тарагандан соң коомчулукта кызуу талкуу жаралып, көпчүлүк Ворухка жол берилишине каршы чыккан.

Баткен облусунун экс-губернатору Султан Айжигитов жол бериле турган болсо «коридор өтүп, Баткен районунун жарымы, Лейлек району, Сүлүктү шаары толугу менен бир анклав болуп калат» деп эскерткен.

Алгач жол боюнча президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы, чек ара делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев үн каткан эмес. Ал эми келишим жарыяланган күнү, 6-майда Баткендин Максат айылынын тургундары менен жолугушууда, президент Садыр Жапаров аталган жол тууралуу суроо берген балдарды «чагымчыл» деп атаган.

Ошондой эле жол Ворухка коридор болоорун четке кагып, жолду «Баткенге тиешелүү деп көрсөтүп жатабыз» деп айткан. Мындан сырткары УКМК төрагасы кийинчерээк үн катып, «Жол Баткен районунун көзөмөлүндө экени документте так көрсөтүлгөн» деп айткан.

«Тажикстандын жарандары үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабындагы жол колдонулат. Жол Баткен районунун көзөмөлүндө экени документте так көрсөтүлгөн. Анын статусу өзүнчө мамлекеттер аралык келишим менен аныкталат», — деген ал.