Адвокат: Экс-премьер-министр Чудинов кармалган жок

Экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун адвокаты Дастан уулу Улан анын кармалганын төгүндөдү. Мурдараак ЖМКлар мурдагы өкмөт башчысы «Кумтөр» иши боюнча кармалганын жазышкан.

Дастан уулу «Тазабек» басылмасына курган маегинде Чудинов УКМКга суракка 31-майда барып, ал жерде экси сааттай болгонун билдирди.

Игорь Чудинов 2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын октябрь айына чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган. Ага чейин ал эки жыл өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министри болуп эмгектенген.

«Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча бир катар депут жана чиновниктер шектелип жатат. УКМК 31-майда депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кармаган.

Ошол эле түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту эл өкүлдөрүн УКМКнын ТИЗОсуна эки айка камакка алуу чечимин чыгарган. Жээнбеков менен Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча «Коррупцияга» шектелип жатат.

Кармалгандардын арасында дагы эки депутат бар — Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев. Алар да «Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча шектелип жатышат.

Ушул эле иш боюнча кармалган дагы бир саясатчы бар, ал — экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Ошол эле кезде мурда УКМК саясатчыга каршы бир нече кылмыш ишин козгогон, бирок алар токтотулган, ал эми Бабанов мамлекетке колдоо катары 100 млн сом төгүп берген.

Башкы прокуратура 21-майда Кумтөр кенин иштетүү келишимин түзүүдөгү коррупция боюнча тергөө башталганын кабарлаган.

Көзөмөл органынын маалыматына таянсак, 1992-жылдын 2019-жылга чейин жогорку кызмат адамдары жана «Кыргызалтындын» жетекчилиги «бийлик ыйгарымдарына ээлик кылып турганда» Канаданын «Камеко» жана Centerra Gold Inc компаниялары менен мыйзамсыз материалдык жана башка байлыкка ээ болуу максатында «мыйзамга жат жана туруктуу байланыш түзүп», «Кумтөр» кенин казууда Кыргызстан үчүн бир катар пайдасыз келишимдерге макулдугун беришкен.

Соңку бир нече апта ичинде Кумтөр кени депутаттар менен коомчулуктун назарына түштү. Кенди Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет. Кыргызстан Centerraнын акциясынын 26%на ээлик кылат. «Кумтөр Голд Компани» ишканасы Centerra Gold Inc аркылуу башкарылат.

6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда компаниялардын биринде тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Ал эми 7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Тема боюнча караңыз: «Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошондой эле депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми 18-майда бийлик Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучу кылып дайындаган.Мындай чечимге Канаданын өкмөтү реакциясын билдирип, Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Centerra Gold өзү Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылган. Компания бийликтин бул аракети эки тараптын кол койгон келишимдерин бузат деп эсептейт жана өз укугун коргоого ниеттенип жатат. Бирок мурдагыдай эле өкмөт үчүн талаш-тартыш жараткан маселе боюнча конструктивдүү диалогго даяр экенин билдирген.