«Аман-эсен табылат деп ишенебиз». Орхан Инандынын жубайы өлкө башчысына кайрылды

Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды 3-июнда маалымат жыйын курду. Ал жолдошунун жоголгонуна үч күн болсо да анын кайда экени тууралуу азырынча кабар жок болуп жатканын айтты.

Ошондой эле, ал президент Садыр Жапаровго жолдошунун жоголушуна дароо реакция кылганы үчүн ыраазычылык билдирип, Инандынын аман-эсен табылышына үмүт артып жатышканын айтты.

«Сиз [Садыр Жапаров — ред.] жолдошумду издөө иштери мындан ары да эффективдүү жүргүзүлүшүнө көзөмөл кыласыз деп үмүт артам. Биз 1995-жылдан бери Кыргызстанда жашап жатабыз. Биздин 4 балабыз тең Кыргызстанда чоңойгон, биз өзүбүздү кыргызстандык деп эсептейбиз жана Кыргызстанды жакшы көрөбүз», — дейт Рейхан Инанды.

*Буга чейин президенттин маалымат кызматы өлкө башчы Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигине Орхан Инандыны издөө боюнча иштерди күчөтүүнү тапшыргандыгын билдирген.

Мындан сырткары, ал анын жолдошу Кыргызстанда билим берүү жаатында гана эмгектенип келгенин белгилеп, анын жана «Сапат» лицейлеринин тышкы жана ички саясатка тиешеси жок экендигин баса белгиледи.

«Дегеле биздин үй-бүлөбүз эч кандай саясатка тиешеси жок. Орхан Инандынын 85 жаштагы энесине анын дайынсыз болуп жатканын айта элекпиз. УКМК кызматкерлеринин тыкыр издөөсүнүн жана президенттин өзүнүн көзөмөлдөөсүнүн натыйжасында энебиз уулун кайра аман-эсен көрөт деп ишенебиз. Биз үй-бүлөбүз менен ал дайынсыз болгондон бери уктай элекпиз», — деп кошумчалаган ал.

«Биз коопсуздугубуз үчүн тынчсызданбайт болчубуз»

Рейхан Инанды жолдошунун Туркиянын жарандыгынан чыгуу үчүн арыз жазып-жазбагандыгынан маалыматы жоктугун айтты. Анын айтымында, анда Туркиянын паспорту болсо деле анын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен болушу керек дейт. Мындан сырткары, ал буга чейин Орхан Инандыны уурдоого даядыктар болуп жаткандыгынан кабарлары бар болгонун ырастады.

«Ооба, эскертүүлөр болуп келген жана жан сакчы алуу зарылдыгын айтышкан. Бирок Орхан каалаган эмес. Анын жанында жан сакчы катары ар дайым жардамчысы жүрчү, бирок ал күндүзү гана жанында болчу. Биз коопсуздугубуз үчүн тынчсызданбайт болчубуз», — дейт Рейхан Инанды.

Ошондой эле, Рейхан менен бирге келип, маалымат жыйынга катышкан «Сапат» түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Нурсултан Майназаров да Орхан Инандынын сак саламатта үй-бүлөсүнө кайтаарына ишенерин билдирди. Анын айтымында, «Сапат» түрк лицейинин негиздөөчүсүнүн аркасы менен 239 кыргызстандык эл аралык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды багындырган.

1-2-3-июнда Бишкекте Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, өкмөт үйүнүн жана Ак үйдүн алдында Орхан Инандынын табылышын талап кылган акциялар болуп өттү.

Мындан сырткары, 2-июнда Ош шаарында «Сапат» түрк лицейинде окуган окуучулардын ата-энелери маалымат жыйын курушуп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашты. Алар Орхан Инандыны аман-эсен табуу жана «Сапат» лицейин саясатка аралаштырбоону талап кылышты.

Ал арада «Сапат» билим берүү мекемеси Орхан Инандыны табууга жардам берген маалымат үчүн сый акы берилерин жарыялады.

Орхан Инандынын жоголушу

«Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инанды 1-майдан 31-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдаланы айтылууда.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү азырынча Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз экенин билдирген. Ошондой эле, аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдаган.

Орхан Инанды Түркияда туулган. 2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхүллах Гүленге таандык деп эсептелген «Себат» билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. Ошол эле жылы түрк бийлиги «Сапаттын» окуучуларына Түркиянын аймагына кирүүгө тыюу салып коюшу мүмкүндүгүн билдирген. Бул билдирүүнү Билим берүү министрлиги «кыргыз бийлигине карата басым» катары сыпаттаган.

Тема боюнча: 

Ошто «Сапат» лицейинин ата-энелер комитети Орхан Инандыны табууну талап кылышты