Чек ара кызматы: Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Тажик аскерлери такталбаган аймакка орноткон контейнер

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 5-июнь саат 9:00го карата Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак аймагында абал туруктуу болгонун кабарлады.

Ведомстводон 5-июнга караган түнү эч кандай инциденттер катталбаганын билдиришти. Учурда кырдаалды жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатат.

«Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан УКМКнын чек ара кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтүп жатат», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

«Азаттыктын» Чоң-Алайдагы кабарчысы Марат Акимбек уулу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен жолугушканы жатканын билдирди.

Чоң-Алайдагы окуя

УКМКнын чек ара кызматы тажик аскерлери 4-июнга караган түнү Кыргызстандын аймагына 1 чакырымга чейин кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак айылында контейнер орнотконун кабарлаган. Андан кийин тажик аскерлери 600 метрге жылып кетишкен.

Чек арадагы абал саат 6:00до «чыңалуу» болуп, бирок саат 14:00го турукташа баштаганы маалымдалган. Ал эми инцидент болгон жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселелер боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги боюнча директор Абдулат Мырзаев барышты.

Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда аталган аймак тактала элек экендигин билдирген. УКМКнын башчысы тажик тарап тактала элек аймактарга кирип, жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатышканын белгиледи.

УКМКнын башчысы өзүнүн тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен Чоң-Алай районунда жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Көп өтпөй Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чоң-Алай районундагы Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Сибе жана Чулук айылдарынын тургундарын эвакуациялоо иштери башталганын билдирди.

Ошондой эле, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразылык нотасын тапшырган. Анда буга чейинки эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кабыл алынган токтомдорду тажик тарап бузуп, чек ара аймагындагы кырдаалдын курчушуна алып баруучу кезектеги «чагымчыл» аракет кылганын белгилеген.

Андан соң Тажикстандын тышкы иштер министрлиги да Кыргызстандын элчисине нота тапшырган. Коңшу өлкөнүн ТИМи Кыргызстандын расмий бийлигинин «Тажикстан чек ара боюнча макулдашууну бузду» деген билдирүүсүн «чындыкка дал келбейт» деп маалымдады.

Тажикстандын расмий бийлиги орнотулган контейнер чек ара күзөтү болоорун, ал протоколдук келишимдин негизинде жайгаштырылганын билдирди. Ошондой эле, Тажикстандын тиешелүү органдары аталган чек ара күзөтү паритет принцибине ылайык коюлду деп белгилешкен.