Чоң-Алай: Чек арадагы кырдаал тынчтык менен жайгарылды. Эки өлкө кабыл алган токтом

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

5-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов жолугушуп, Чоң-Алай районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чек арада орун алган кырдаал тынчтык жолу менен жайгарылды. Ошондой эле, тараптар төмөнкүдөй токтом кабыл алышты:

1. Эки тарап тең чек ара постторун өзүнүн аймагына карай 3 кмга жылдыруу;

2. Аскерлерди жана аскердик техникаларды мурунку жайгашкан жерине кайтаруу, ал эми чек ара чекиттеринде чек ара топторунун штаттык бөлүмүн гана калтыруу;

3. Аталган участкаларды эки тарап тең жайыт катары пайдалана алуу;

4. Мамлекеттик чек арадагы бардык аракеттер боюнча алдын ала макулдашуу;

5. Эки тараптын тең чек ара кызматкерлери жүрүм-турум линиясын сактоо;

6. ЖМК өкүлдөрүнө кол коюлган протоколдордун алкагында, эки тараптан макулдашылган маалыматтарды гана берүү;

7. Топографиялык жумушчу топтордун жетекчилерине Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы №12\2 чекитинен №12\9 чейинки аралыкты кыска мөөнөттө тактоону аяктоо тапшырмасын берүү;

8. Эки тарап тең чек ара аймактарында жашаган тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

9. Токтомдо кабыл алынган макулдашууларды эки тарап тең бекем сактоо.

Аталган токтомго Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн комиссия жетекчилери Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов кол койду.

Чоң-Алайдагы окуя

4-июнга караган түнү тажик аскерлери Кыргызстандын аймагына 1 чакырымга чейин кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак айылында контейнер орнотушкан. Андан кийин тажик аскерлери 600 метрге жылып кетишкен.

Ошол күнү УКМКнын чек ара кызматы абал «чыңалуу» экенин маалымдап, кайра саат 14:00гө турукташа баштаганын билдирген. Окуя болгон жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жумушчу топ барган. Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда аталган аймак тактала элек экендигин жана тажик тарап жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатканын билдирген.

Ал эми тажик тарап орнотулган контейнер чек ара күзөтү болоорун, ал протоколдук келишимдин негизинде жайгаштырылганын билдирген. Ошондой эле, Тажикстандын тиешелүү органдары аталган чек ара күзөтү паритет принцибине ылайык коюлду деп белгилешкен.

Ошондой эле, Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен Чоң-Алай районунда жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андан соң эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери бири-бирине нааразычылык нотасын тапшырышкан.

Тема боюнча:

Видео: Тажик аскерлери такталбаган аймакка контейнер орнотушту

Ташиев: Тажик тарап тактала элек жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатат

Тажикстан чек ара күзөтүн протоколдук келишимдин негизинде койгонун билдирди

ТИМ: Тажикстандын элчисине нота тапшырып, аскер күчтөрүн чыгарып кетүү талабы коюлду