Кара-Суу: Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Абдусамат Абдуллаев шайланды

Савай айыл өкмөт башчысынын иш бөлмөсү. Сүрөт «Турмуш» басылмасынан алынды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнө Абдусамат Абдуллаев жетекчи болду. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Айыл өкмөтү болууга Абдуллаев менен чогуу дагы үч киши талапкер болгон. Жыйынтыгында ал депутаттардын 18 добушуна ээ болгон.

Абдуллаев буга чейин эки жарым жыл айыл өкмөт башчынын орун басары болуп иштеген.

Савайдын мурдагы жетекчиси

Савайдын буга чейинки жетекчиси — экс-бажычы Райымбек Матраимовдун өкүл уулу Мунарбек Сайпидинов болчу. Ал коомчулукка иш бөлмөсүнө өкүл атасынын сүрөтүн илип алганы менен таанылган.

Кийинчерээк анын Дубайдагы эс алуусу учурунда тартылган видеолору соцтармактарда кызуу талкууга алынган. Интернет колдонуучулар айыл өкмөт башчы видеодогу кылык-жоругу менен мамлекеттик кызматкердин этикасын сактаган эмес деп эсептешкен.

Сайпидинов үстүбүздөгү жылдын 12-январында «Кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип УКМК тарабынан кармалган болчу. УКМКнын басма сөз кызматы «ал айрым жооптуу адамдар менен биргеликте Савай айылындагы мектептин спортзалы сапатсыз курулганына карабай пайдаланууга берген жана аны курууда жумуштун көлөмү 1 млн сомдон ашык көрсөтүлгөн» деп билдирген.

Бирок эки күндөн кийин Сайпидинов 1 млн сом төлөп үй камагына чыккан. Ал эми 16-январда ал тергөө аяктаганга чейин кызматынан четтетилген.

Сайпидинов кармалганга чейин, 19-ноябрда, үйү УКМК тарабынан тинтүүгө да алынган — атайын кызмат муну Ошто «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча козголгон иштин негизинде болгону менен түшүндүргөн.

Кийинчерээк Сайпидинов соцтармакта кайрылуу жасап, ага Матраимовдун өкүл баласы болгондугу үчүн кысым болгонун айтып, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевден аны кабыл алуусун өтүнгөн.

Ал эми 23-ноябрда ал Ташиев менен жолуккан.

Савай: Жергиликтүү депутаттар Сайпидинов жыйынды үзгүлтүккө учуратканына даттанышты