УКМК: Депутат Төрөбай Зулпукаровдун диплому жасалма болуп чыкты

Сүрөт «Марал» басылмасынан алынды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы депутат Төрөбай Зулпукаров жасалма диплом колдоногону аныкталганын билдирди. Маалыматка ылайык, анын 2000-жылы тарыхчы адистиги боюнча алган диплому башка кишиге таандык болуп чыкты.

«З.Т.З. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинен 3-курсунан келишимдик акыны төлөбөгөндүгү үчүн чыгарылган. Ал университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, ал эми дипломдо көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилгени аныкталды», — деп билдирди атайын кызмат.

Маалыматты атайын кызматка Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен беришкен. Ал эми «Марал» басылмасына Билим берүү министрлигинен Зулпукаров окууну аяктабагандыгы үчүн диплом берилген эмес деп маалымдашкан. 2000-жылы Төрөбай Зулпукаровго берилди делген №748 каттоо номериндеги диплом Чолпон Усубалиева аттуу бүтүрүүчүгө таандык болуп чыккан.

Мындан сырткары, УКМКнын маалыматында депутат жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине тапшырганда колдонгон деп кошумчаланган. Ошондой эле, ал активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилинде экинчи жогорку билим алганы белгиленген.

Жогорку кеңештин сайтында Төрөбай Зулпукаров эки жогорку билимге ээ экендиги көрсөтүлүп турат: бири Жусуп Баласагын атындагы КУУдан берилген, экинчи диплом ОшМУдан юридика адистиги боюнча берилген.

Зулпукаров КСДП фракциясынын алтынчы чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында, 2012-2015-жылдары, вице-спикер болгон.

Төрөбай Зулпукаровдун кармалышы

Зулпукаров — үстүбүздөгү жылдын 31-майында Кумтөр кенин иштетүү долбоорун ишке ашырууда коррупцияга айыпталып УКМК тарабынан кармалган. Анын менен бирге депутат Асылбек Жээнбеков, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалган. Биринчи май райондук соту 2-июнда шектүүлөрдү эки айга тергөө изоляторуна камоо чечимин кабыл алган.

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 2-июнундагы отурумунда эл өкүлдөрүнүн кармалышы жаңы кабыл алынган Конституцияга карама каршы келет деп билдирген. Андан кийин депутат Канат Исаев да шектүүлөргө карата тергөө абагында кармоо боюнча дайындалган баш коргоо чарасын кайра карап чыгууну талап кылган.

Ал арада райондук соттун имаратында Жээнбеков жана Зулпукаровдун ондогон тарапташтары чогулушуп, аларды бошотууну талап кылышкан.

17-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңштин отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган болчу.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген Кыргызстандын кызматтагы адамдарына карата козголгон.

Тема боюнча:

«Кумтөрдөгү» коррупция: Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды

Депутаттар Жээнбеков жана Зулпукаровдун кармалышын мыйзамсыз деп аташты

Депутат Исаев Жээнбеков, Бабанов жана Зулпукаровдун бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылды