Аалымдар кеңешинин басма сөз кызматынан муфтийлик кызматтын тандоо туруна тогуз талапкер өткөнүн билдиришти. Алар 24-июнда экзамен беришет, шайлоо өзү 26-июнда өтөт.
Кимдер талапкер болуп жатат?
Нурбек Токтогулов — устаз, анын лекциялары YouTubeга жүктөлгөн. Ал «Расул Акрам» Ислам институтунда эмгектенет деген маалымат бар. Буга аталган институттун фейсбуктагы сүрөттөрү далил.
Султанали Гапуров – Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын даваат (динди жайылтуу) боюнча адиси жана Ош облусунун экс-казысы. Эки компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири: «Эс Ти Ай Тревел» жана ОсОО «Аль-Фатх» туристтик фирмалары.
Отставкага кеткен муфтий Максат ажы Токтомушев 8-февралда (оставкага чейин) аны ушул тапта президенттик аппараттын башчысы Искендер Гайыпкулов менен Садыр Жапаровдун расмий эмес жардамчысы Арзыбек Бурканов кызматтан кетирүүгө аракет кылганын айткан. Токтомушевдин айтымында, эки чиновник муфтийлик кызматка дал ушул Гапуровду коюуну максат кылышкан.
Нематилла Жээнбеков — Жалал-Абад облусунун казысы, Жалал-Абаддын Сузак районундагы Акчалуу айылында туулган. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, ал Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын «Ажылык-Умра Борбору» мекемесин жетектейт.
1998-жылдан тартып КМДБ системасында эмгектенип келет. 2003-2006-жылдары Кыргызстандагы Ислам университетинин ректору болгон. Ал эми2010-жылы муфтийге кеңешчи болуп келген.
Ниязали Арипов — Баткен жана Ош облустарынын мурдагы казысы, Баткен облусунун Лейлек районундагы Кара-Булак айылында туулган. 2017-жылы муфтийлик кызматка талапкерлигин көрсөтүп, бирок Максат Токтомушевден утулган. Ал парламенттин бешинчи чакырылышында «Республика» саясий партиясынан депутат болгон Назарали Ариповдун бир тууган иниси.
Арипов ОшМУнун улук окутуучусу дагы болуп иштеген. Азыр ал муфтияттын алдындагы «Вакф» фондунун директору.
Убайдулла Сарыбаев – Ош мусулмандарынын казысы, Ош облусунун Тээке айылында туулган. 2010-жылы муфтийдин орун басары болгон.
Муфтиятты Чубак ажы Жалилов жетектеп турганда Сарыбаев аны коррупцияга шектелгенден кийин, өзүн актоо үчүн түштүк облустардын диний ишмерлерлерине көө жаап атат деп айыптаган.
Шакир Маматов Оштун казысы болгон. 2012-жылы ал кызматынан чууга байланыштуу кеткен. Анда муфтият Маматов жума намаз учурунда мусулмандарга улуттар аралык мамилелерге байланыштуу суроолорду узатууга жол берген деп билдиришкен. Бул аны кызматтан алууга негиз болгон.
«Шаардагы мечиттерди кыргыздаштырып, өзбек имамдарын кызматтан алып, алардын ордуна кыргыздарды койду" деген одоно доомат менен кызматтан алуу аракетин көрүп жатат. Мен муфтий Чубак ажы Жалиловдун бул кадамына таптакыр түшүнбөй турам. Макул да эмесмин. Балким жамандырмын, тилим жамандыр, же бир жерде одоно сүйлөп койгондурмун, бирок мен эки улуттун ортосунда чагымчыл аракет кылган эмесмин», — деп айыптоолого жооп берген Шакир ажы Маматов.
Сайдамир Жейналиев — Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин учурдагы алтынчы чакырылышынын мүчөлөрүнүн бири.
Замир Ракиев — Бишкектин казысы. Нарын облусунун Кочкор райоунундагы Шамшы айылында туулган. Ал Бишкектин медресесинде, Египетте даярдык ийримдеринде, Ислам институтунда жана Каирдеги Ислам университетинде билим алган. Бишкектин гуманитардык универститетинде (БГУ) «Чыгыш таануу» адистиги боюнча магистратураны аяктаган.
Нарын облусунун казысы, Кыргызстандын муфтийинин орун басары, Аламүдүн районундагы медресенин директору жана устазы болуп иштеген. 2017-жылдын май айынан бери муфтийдин орун басары болуп келет.
Талапкер Шүкүр Исмаилов тууралуу ачык булактардан маалымат табылган жок.
Муфтийди шайлоо
Муфтийлик кызматка талапкерлердин документтерин атайын комиссия* карайт. Кийин каттоодон өткөн талапкерлер үчүн конкурс уюштурулат, атайын комиссия алардын билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн** текшерет.
*Комиссия тогуз адамдан турат: алардын алтоо — Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү, экөөсү — Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, дагы бирөө УКМКнын өкүлү.
** Талапкерлерге бир катар талаптар коюлат — мыйзамдарды жана Конституциянын беренелерин билүү, демократиянын принциптерин түшүнүү. Алар салттуу исламды кармангандар, атап айтканда ханафит мазхабын билген, муфтиятта бери дегенде үч жыл иштеген, ошондой эле эки жогорку билимге ээ болгон — жогорку диний жана светтик жогорку билимдүү — адамдар болууга тийиш.
Андан соң эң жогорку балл алган үч талапкердин документи Дин иштери боюнча мамкомиссияга жана президенттик аппараттын тийиштүү бөлүмүнө жөнөтүлөт. Ал жактан талапкерлердин өздүк документтери жана радикалдуу диний агымдарга тиешеси бар-жогу текшерилет.
Оң тыянак алган талапкерлер Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнөн түзүлгөн комиссиянын кароосуна сунушталышат.
Талапкер Аалымдар кеңеши менен маектешүүдөн өтүшү керек. Кеңеш шайлоо ыкмасы менен бир талапкерди тандайт. Сынактан өтпөгөн талапкерлер мындан аркы иш-аракеттерден четтетилишет. Каттоодон маектешүүгө чейин болжол менен бир ай өтөт.
Аалымдар кеңеши тандаган талапкер республиканын бардык облустарынан келген 200-250 делегат катышкан курултайда өзүн тааныштырат. Чогулган делегаттардын эң көп добушун алган талапкер муфтий болуп шайланат.
Курултай быйыл 5-апрелге дайындалган, бирок кийин жылдырылган. Мныдай чечим муфтийликке талапкерлерди каттоо боюнча комиссиянын төрагасы Мамасабыр Досбол уулунун сунушун эске алуу менен кабыл алынган.
Аалымдар кеңешиндегилер талапкерлердин тыюу салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун, ЖОЖдорду бүткөндүгүн тастыктаган дипломдорунун аныктыгын, анын ичинде документтерди текшерүүгө көбүрөөк убакыт керектелет деп чечишкен.
Муфтийди шайлоодон тышкары, Кыргызстанда Аалымдар кеңешинин VII чакырылыш шайлоо күтүлүүдө. Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана муфтий төрт жылга шайланат.
Муфтияттагы финансылык махинациялар
Өлкөнүн мурдагы муфтийи Максат Токтомушев 10-февралда муфтияттагы финансылык алдамчылыктардын шартында отставкага кеткен. Тергөөнүн версиясына ылайык, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылардын ажылык үчүн акчасын финансылык компанияларга берип, ал акчалардан ай сайын пайыздарды алып турган.
УКМК карызга берилген акчанын суммасы 100 млн сомдон ашышы мүмкүн деп билдирген. Бул иш боюнча 10-февралда УКМК кызматкерлери тарабынан Токтомушев кармалган. Бирок кийин ал үй камагына чыгарылган.
Ага чейин, 9-февралда муфтияттын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине 100 миң доллар «пара берип жаткан» учурда кармаган — бул каражаттар муфтияттагы каржылык бузууларды жашыруу үчүн берилгени айтылган.
12-февралда Биринчи май райондук сот Бекиевдин баш коргоо чарасын карап, аны 10-апрелге чейин камакта калтырган. Бирок 16-мартта сот аны үй камагыа чыгарган.
Кийинчерээк Токтомушев кайрылуу жасап УКМКнын кызматкерлери андан «пара опузалаганын» айтып чыккан.
Муфтияттан скандал менен кеткен муфтийлер
Кыргызстанда муфтийлердин кызматтан алынышы көп учурда ызы-чуу менен коштолот.
2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин муфтий Мураталы Жуманов уурдалып, барымтага алынган. Аны коркутуп-үркүтүп камап алгандар ири суммаданы акча талап кылышкан. Кийин ал алган жараатынан көз жумган.
Кийинки муфтий Сүйүн Кулуев дагы криминалдык топтун кол салуусуна кабылып, сабалган. Андан кийин ал кызматынан кеткен. Муфтийдин милдетин убактылуу аткаруучу Абдышүкүр Нарматовго да кысым көрсөтүлүп, ага карата коркутуп-үркүтүүлөр болуп, мындан улам ал дагы арыз жазып кызматынан кетүүгө шашканы айтылган.
2010-2012-жылдары муфтиятты башкарган маркум Чубак ажы Жалилов дагы мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган. Ал басым алдында арыз жазган болчу.
Андан кийин муфтиятты бир жарым жылдай Рахматулла Эгембердиев башкарган, ал чуу жараткан интимдик мүнөздөгү видеонун айынан кызматынан кеткен.
Азыр эми мурдагы аталып калган Максатбек ажы Токтомушевди Кыргызстандагы «Таблиги жамаат» диний агымынын белдүү ишмери деген кептер бар. Бул агым Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда тыюу салынган, Кыргызстанда андай чектөө жок. Токтомушев коррупциялык чуудан улам кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүүгө аргасыз болгон.