80ден ашуун депутат Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранды

Парламентте 81 депутат Бишкек шаардык сотуна кайрылууга кол коюшту. Алар кесиптеши Асылбек Жээнбековду УКМКнын ТИЗОсунан үй камагына чыгарууну суранып жатышат.

УКМК экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси жана парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты Асылбек Жээнбековду «Кумтөр» иши боюнча 31-майда кармаган. Ал коррупцияга шектелип жатат. Депутаттар Жээнбековго карата айып тагууда жана баш коргоо чарасын тандоодо жаңы Конституция жана бир катар мыйзам ченемдери бузулган деп эсептешет.

Сүрөт: Kaktus.media

Алар кайрылуусунда парламенттеги эл өкүлүн депутаттык ишмердүүлүгүндө айткан сөзү же добуш берүүсү үчүн куугунтуктоо мыйзамсыз экенин белгилешкен. Андан тышкары, жаңы Конституциядагы депутаттык кол тийбестик механизми бузулган.

«Бөгөт чарасын колдонууда тергөө судьясы күнөөсүздүк презумпциясын эске албай жана кылмыштын далилдерин изилдебестен, айып өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире электе эле шектүү мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына каршы өзгөчө ири кылмыш жасады деген бүтүмгө келген», — деп белгиленет кайрылууда.

Буга чейин парламентарийлер «Кумтөр» иши боюнча кармалган дагы бир саясатчыга — мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго арачы түшүшкөн. Ага карата УКМКнын ТИЗОсуна камакка алуу бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүүнү суранып парламенттин 74 депутаты кол койгон болчу.

Жээнбековдун кармалышы

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун инисин, депутат Асылбек Жээнбеков 31-майда «Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча кармалып, УКМКнын ТИЗОсуна эки айка камакка алынган. Саясатчы коррупцияга шектелүүдө.

«Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруунун ар кандай баскычтарындагы коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине байланыштуу адамдардын катышуусунда тергөө иш-аракеттери уланууда», — деп билдиришкен мекемеден.

Саясатчынын адвокаты Давран Касымов Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылып, райсоттун чечимин жокко чыгарып, депутатка эркиндигинен ажыратпоого байланышы жок бөгөт чарасын кабыл алууну суранганын билдирген.

Асылбек Жээнбеков өзү кармалганын саясий куугунтук жана өч алуу деп эсептейт.

Жээнбековдон сырткары «Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, депутат Төрөбай Зулпукаров, андан тышкары, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган. Алардын баары эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 2021-жылы 26-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кумтөр Голд Компаниге» кошумча жер тилкени чалгындоо иштери үчүн бөлүп бергени үчүн кармалган. Ал дагы коррупцияга шектелүүдө.

2-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр иши» боюнча иликтөөнүн алкагында мурдагы президенттер да жоопко тартылышы мүмкүн экенин айткан.

Тема боюнча:Ташиев: «Кумтөр иши» боюнча мурдагы президенттер да жоопко тартылышы мүмкүн