«Кумтөр» иши. Бишкек шаардык соту Асылбек Жээнбековду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту 23-июнда парламент депутаты Асылбек Жээнбековдун камакка алуу баш коргоо чарасына каршы доо арызын карады.

Шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, Жээнбеков 31-июлга чейин УКМКнын ТИЗОсунда кармалат.

Жээнбековдун кармалышы

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун инисин, депутат Асылбек Жээнбеков 31-майда «Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча кармалып, УКМКнын ТИЗОсуна эки айка камакка алынган. Саясатчы коррупцияга шектелүүдө.

«Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруунун ар кандай баскычтарындагы коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине байланыштуу адамдардын катышуусунда тергөө иш-аракеттери уланууда», — деп билдиришкен мекемеден.

Саясатчынын адвокаты Давран Касымов Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылып, райсоттун чечимин жокко чыгарып, депутатка эркиндигинен ажыратпоого байланышы жок бөгөт чарасын кабыл алууну суранганын билдирген.

Асылбек Жээнбеков өзү кармалганын саясий куугунтук жана өч алуу деп эсептейт.

Жээнбековдон сырткары «Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, депутат Төрөбай Зулпукаров, андан тышкары, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган. Алардын баары эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 2021-жылы 26-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кумтөр Голд Компаниге» кошумча жер тилкени чалгындоо иштери үчүн бөлүп бергени үчүн кармалган. Ал дагы коррупцияга шектелүүдө.

2-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр иши» боюнча иликтөөнүн алкагында мурдагы президенттер да жоопко тартылышы мүмкүн экенин айткан.

Тема боюнча: Ташиев: «Кумтөр иши» боюнча мурдагы президенттер да жоопко тартылышы мүмкүн