«Биздин өкмөттү каралабаңыз». «Кумтөрдүн» эмгек жамааты Скотт Перриге жооп берди

«Кумтөрдүн» эмгек жамааты Канаданын Centerra Gold Inc компаниясынын президенти Скотт Перринин жакында эле жазган ачык катына жооп берди.

Перри «Кумтөр Голд компанинин» кызматкерлерине «көп жылдан бери жан үрөп иштеп бергени үчүн чын дилден рахмат айтып» кыргыз бийлиги «кенди жалган маалыматтын негизинде басып алганын жана дагы деле сүйлөшүүгө барууга макул болбой жатканын» жазган.

Бирок, компаниянын сайтындагы текстке караганда, ишкананын эмгек жамааты кенге тышкы башкарууну киргизген өкмөттүн тарабын жактаган.

Кызматкерлердин атынан жазылган жооп-катта Перри эки жүздүүлүккө, алдамчылыкка жана өз билдирүүсү аркылуу жоопкерчиликтен кутулуп кетүү аракетине айыпталат.

Өлкөнүн мурдагы жетекчилиги жөнүндө

«Кумтөрдүн» жамааты жазган катында Кумтөр алтын кени сыяктуу өлкө үчүн маанилүү активдер «туура өздөштүрүлүп иштетилсе» экономикалык өнүгүүгө түрткү бермек деп белгилешкен.

«Бирок, тилекке каршы, андай болгон жок. Мында күнөө, биздин терең ишеним боюнча, өлкөнүн алгачкы жана кийинки жетекчилеринде, анткени алар мамлекетибиздин дурус көз караштагы саясатчыларынын жана патриотторунун каршы болгонуна карабастан өз өлкөсүн жана элине кайдыгерлик кылып, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобостон, барган сайын туңгуюкка алып келип, көз каранды келишимдерди түзүшкөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Компаниянын эмгек жамаатынын пикиринде, эгерде Centerrа’нын «аракеттери менен ойлору таза болсо жана ишмердүүлүктү таза жүргүзсө», анда компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандан шашып «качып» кетпейт болчу.

Сырткы башкаруу тууралуу

Жооп-катта жамаат кендеги сырттан башкарууну колдой турганы жана ал «адилеттүү, негиздүү жана Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын коргойт» деп эсептээри айтылган.

«Биздин мамлекет кенди көзөмөлдөө ишин өз колуна бекем алды жана биз биргеликте бардык тоскоолдуктарды жеңип, өлкөнүн жана элдин жыргалчылыгы үчүн чоң ийгиликтерге жетише алабыз деп ишенебиз», — деп белгилейт жамаат.

Экологиялык бузуулар тууралуу

Мындан тышкары, «Кумтөрдүн» эмгек жамааты Centerrа’нын президентине кенди казууда иштетилген тоотектерди Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнө сактаган деп айтышты. Мыйзам боюнча аларды өрөөнгө түшүрүп, жерде сактоо керек болчу.

«Натыйжада, сиз миллиард тоннадан ашык таштандыларды мөңгүлөргө төгүп, аппак кар баскан тоолордун үстүнө бийиктиги 100 метрден ашкан кара тоолорду жараттыңыз, алар эми карьердин үстүнөн салаңдап 500 миллион кубометрден ашык суу запасы топтолгон Давыдов мөңгүсүнүн урап калуусуна жана ылдый көздөй түшүп кетүүсүнө коркунуч туудурат», — деп айтылган жооп-катта.

Жамаат мөңгүлөрдүн эрип жатканы — «климаттын өзгөрүшүнүн кесепети эмес*», бул көйгөй канадалык компания тарабынан биздин мыйзамдарды жана табиятка аяр мамиле жасай турган жалпы адамзаттык принциптерди бузганынын кесепети деп эсептейт.

*Климаттын өзгөрүшү тууралуу Скотт Перри өзүнүн 1-июлдагы кайрылуусунда климаттын өзгөрүшү аймактагы мөңгүлөрдүн ылдыйлашын шарттап жатат деген контекстте айткан. Ошол эле кайрылууда, Перри иштетилген тоотекти мөңгүлөргө төгүү тажрыйбасы 2014-жылы эле токтотулганын билдирген.

Дагы окуңуз: «Кумтөрдө» өндүрүлгөн алтынды Улуттук банк сатып алат. Компаниянын иши эми кандай уланат?

«Кумтөрдүн» эмгек жамааты мыйзам бузуунун бардыгы «өлкөнүн мурдагы жоопкерсиз жетекчилердин колдоосу менен болгон» деп эсептейт.«Бул колдоо менен жамынып, сиз биздин мыйзамдарды бузуп, салыктарды толук өлчөмдө төлөп берген эмессиз. Сот тарабынан калдыктарды мөңгүлөрдүн үстүнө жыйуу үчүн 261 млрд сом же 3 млрд АКШ доллары айып пулу коюлуп жана 1,2 млрд АКШ долларына төлөнбөгөн салыктар боюнча доо коюлган. Перри мырза, сиз мыйзамдуу чечимди аткарууну жана Кыргызстанга мыйзамсыз алынган байлыкты кайтарууну качан баштайсыз?» — деп суроо салат эмгек жамаат.

Сырткы башкаруу жана коопсуздук тууралуу

«Кумтөрдүн» жамааты Centerrа’нын президентин кенди иштетүүгө бут тосуп жатат деп дагы айыптады. Ачык жооп-каттын текстине караганда, Centerra 15-майда эле «борбордук тутумга»* кирүүнү алыстан туруп эле жаап койгон. Ошондой эле, алардын айтымында, Скотт Перри тышкы жеткирүүчүлөргө жеткирүүлөрдү токтотуу тууралуу каттарды жөнөткөн.

*Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү дайындаган сырттан башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүк Centerra Gold кен казылып алынчу карьердин капталдарынын абалын мониторинг кылуучу жана мөңгүлөрдүн кыймылына байкоо салуучу системаны өчүрүп койгонун айткан. Ал муну кызматкерлердин өмүрүн тобокелге салган «карасанатайлык кадам» деп баалаган.

Компания болсо мындай маалыматты төгүндөп, кендеги коопсуздук, мониторинг жана эксплуатация системалары талапка ылайык иштеп жатканын билдиришкен. Ошондой эле, кенде өкмөттүн сырттан башкаруучусу пайда болгонго чейин бардыгы өз ордуна иштеп жатканын айтышкан.

Каттын аягында «Кумтөрдүн» жамааты Centerra компаниясынын президентине «Канада өкмөтүн жана бүткүл дүйнөнүн» башын адаштырып, «биздин өкмөттү каралабаңыз» деген сунуштарын айтышкан.

Скотт Перринин кайрылуусу

Centerra Gold компаниясынын президенти Скотт Перри «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын кызматкерлерине 1-июлда кайрылуу жасаган. Перри кыргыз бийлиги «кенди жалган маалыматтын негизинде басып алганын жана дагы деле сүйлөшүүгө макул болбой жатканын» жазган.

«Биз Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүнү каалап жатканыбызды ачык эле түшүндүрдүк, бирок алар кандайдыр бир кызматташууга баруудан бир нече жолу баш тартты. Анын ордуна өкмөт өзүнүн негизсиз иш аракетине шылтоо катары биздин кен иштетүүдөгү мурдагы ишмердүүлүгүбүз боюнча жалган малымат таратып жатат», — деп белгилеген Перри.

Ал билдирүүсүндө компаниянын кызматкерлери менен дүйнө коомчулугу «чындыкты билиши керек» деп эсептээрин айткан.

Күмтөрдүн айланасында эмне болуп жатат?

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Буга чейин бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда каалаган компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Тема боюнча: «Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кийин 18-май күнү өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган.

Мындай чечимге Канаданын өкмөтү реакциясын билдирип, Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Кийинчерээк бир катар чуулуу сурактар, саясатчыларды жана депутаттарды кармоо жүргүзүлгөн: алар «Кумтөр» кенин казуу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат. Негизинен, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев кармалган.

Centerra Gold кандай кадамдарга барган?

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

Кийинчерээк Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

Мындан тышкары, Centerra Gold «Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арызданган.

Канадалык компаниянын арызында Бөлтүрүктү Centerra Gold компаниясынын алдындагы келишимди бузганы үчүн жана «Кыргызстандын өкмөтү Кумтөр кенин басып алганы» үчүн сотко беришкенин айткан.