Ошто «Улуттар Биримдиги» партиясынын өкүлү добуштарды сатып алууга шектелип жатат

Ош шаарында добуш сатып алууга шектелип кармалган «Улуттар Биримдиги» партиясынын өкүлүнө тиешелүү акчалар жана документтер. Сүрөт: Ош ШИИБи

Ош ШИИБи шаардык кеңешке аттанган «Улуттар Биримдиги» партиясынын өкүлүн добуш сатып алууга шектеп кармады. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматы 10-июлда билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, саат 13:00 чамасында Төлөйкөн кичи районунда бир партиянын өкүлү шайлоочуларга добуш берүү үчүн 2 миӊ сом акча сунуштап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Маалыматты текшерүү учурунда, жарандардын добуштарын сатып алууга шектүү катары, шайлоого катышып жаткан партиянын өкүлү болгон 1978-жылы туулган А.К. аттуу аял аталган кичи райондон кармалды. Аны өздүк кароо учурунда жанында 37 миӊ сом акча, партияга таандык күбөлүк, жарнамалык баракчалар болгон», — деп билдиришти Ош ШИИБиден.

Мындан сырткары, маалыматта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүдөн акча алган шайлоочулар дагы аныкталгандыгы кошумчаланган.

Милиция кармалган шектүүнү «А.К.» инициалы менен белгилеген. Социалдык тармактарда «Ош шаарында эки саат алдыңкы окуя. Добуш сатып алуу ачык болуп жатат» деген жазуу менен бир нече сүрөттөр жарыяланган.

Ал сүрөттөрдөн Абдуллаева Каныкей деген ысымга таандык «Улуттар Биримдиги» партиясынан берилген күбөлүк жана миң сомдуктар тартылган кадрларды көрүүгө болот. Ошондой эле, Абдуллаева күбөлүктө «партиянын ишенимдүү адамы» деп көрсөтүлгөн.

Ал эми «Улуттар Биримдиги» партиясынын басма сөз катчысы Камил Сыдыков Абдуллаева алардын өкүлү экенин «Азаттык» үналгысына ырастады. Бирок анын жанында табылган акчалар жеке өзүнө таандык деп ишендирди.

Бул «добуш сатып алуу» аракети менен партиянын өкүлдөрү кармалган биринчи учур эмес. Буга чейин 7-июлда Ош шаардык милициясы добуш сатып алууга шектеп үч кишини кармаган.

Шектүүлөрдүн жанынан 115 миң сом табылып, алардын бири жергиликтүү кеңешке талапкер болгону аныкталган. Ал «Ынтымак» саясий партиясынан талапкер болгон Бахадир Латиханов болуп чыккан.

Мындан улам «Жалпы иш» коомдук фонду Боршайкомго «Ынтымак» саясий партиясын шайлоодон чететтүү талабы менен арыз жазган. Бирок аталган партиянын лидери Марлен Маматалиев БШКдан Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыз жаза тургандыгын билдирген.

11-июлда Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтөт.

Ош шаардык кеңешине сегиз партия ат салышат: «Улуу-Журт», «Бир бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Биздин Кыргызстан», «Келечек-Будущее» жана «Нур» партиялары.

Ал эми буга чейин 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы БШК жокко чыгарган. Мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген бузуулардан — добуш сатып алуу, админресурс, шайлоочуларды жапырт катоодон — улам кабыл алынган.

Тема боюнча:

Ош шаардык кеңешине талапкер добуштарды сатып алууга шектелип кармалды

Ошто добуш сатып алууга шектелип үч киши кармалды. Алардын жанынан 115 миң сом табылган

Ош ШИИБи: Шайлоочуларга 1 500 сомдон тараткан киши кармалды