Муфтий Замир Ракиев COVID-19га байланышкан эрежелерди сактоого чакырды

Сүрөт: Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси Замир Ракиев мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктап, коронавируска байланыштуу эрежелерди сактоого чакырды.

Ошондой эле, Ракиев өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон сакталып тургандыгын белгиледи.

«Ар бир жандын саламаттыгы аманат. Кара тумоодон Жараткан Алла Таалам эртерээк чыгарып, дарыгерлер көрсөткөн эрежелерди так сактайлы. Ооруп жаткан бир туугандарыбызга Алла Таалам шыпаасын берсин», — деди Азирети муфтий.

Мындан сырткары, Ракиев COVID-19 пандемиясынан улам быйыл да ажылык иши болбой калгандыгын кошумчалады. Ошол эле учурда ал Курман айтта ажылыкка баруу, Арафат тоосуна чыгуусуна ар бир момун мусулманга 2022-жылы насип этүүсүн тилек кылды.

20-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленип жатат. Бул күн дем алыш күнү деп жарыяланган. Курман айт — Орозо айттан кийин 70 күндөн соң белгиленүүчү курмандык чалуу майрамы. Бул күнү дүйнө жүзүндөгү момун мусулмандар майрамдык айт намазга чогулушат.

15-июлда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу айт намаз аянттарда окулбай турганын билдирген. Муфтият диний иш-чаралар мечиттерде гана өткөрүлө турганын айткан.

Ош шаарынын «Сулайман-Тоо» борбордук мечитинде Курман айт майрамына карата айт намазын 7 миңдей киши окуду. Ал эми Бишкектин Жал кичи районундагы Абдулкерим мечитине айт намазга 300гө чукул адам келген, мусулмандардын калганы мечиттин короосуна чогулган.

Курман айт майрамына карата айт намаз өткөн жылы да мечиттерде окулган — анда коронавирустун биринчи толкуну күч алган эле.

Тема боюнча:

Ош шаарынын борбордук мечитинде 7 миңдей киши айт намаз окуду

Бир кадр менен: Бишкектеги Абдулкерим мечитиндеги айт намазы