Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча соту 19-июлда Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп жарыялоо тууралуу өтүнмөсүн карап, аны кароодон убактылуу баш тартты.
Мурдараак Centerra Gold компаниясынын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин* баштоо үчүн аталган сотко кайрылышкан.
*Бул процесстин мааниси соттун көзөмөлү астында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларына карата бүткүл дүйнө жүзүндө баардык дооматтарды автоматтык түрдө токтото турууну шарттайт.
АКШнын Федералдык кодексинин 11-бөлүмү боюнча демилгеленген банкроттук процедурасы көп учурда «кайра түзүү» банкроттугу деп аталат. Анын демилгечиси ээси болуп кала берет, ишенимдүү башкаруучунун ыйгарымдары менен милдеттери бар, бизнести жүргүзүүнү улантып, андан тышкары, (соттун макулдугу менен) жаңы акчаларды карызга ала алат.
«Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн айтымында, канада компаниясынын кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат сотто тышкы башкаруу мыйзамсыз киргизилгендигин айтып, «Кумтөрдүн» эсептери менен активдерин камакка коюуну талап кылган.
Бирок судья Centerra талап кылып жаткан соттук тыюу боюнча Кыргызстан тийиштүү түрдөгүдөй арыз тууралуу кабардар болбогонун жүйөө кылып, арызды канааттандыруудан баш тарткан.
Бөлтүрүк «Азаттыкка» судья банкроттук тууралуу арызды 17-августтагы жыйында кароону токтом кылганын билдирди.
Ошондой эле ал «Кумтөр» ишканасын банкрот деп таануу боюнча арыздар «биринчи кезекте Кыргызстанда каралашы керектигин» кошумчалады.Centerra Gold Inc. азырынча сот чечимне комментарий бере элек.
Күмтөрдүн айланасында эмне болуп жатат?
Кумтөр кенжтн айланасындагы чуу уланып жатканына бир нече ай болду.
Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштетет. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.
7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.
Буга чейин бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда каалаган компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.
Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.
Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Кийин 18-май күнү өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган.
Мындай чечимге Канаданын өкмөтү реакциясын билдирип, Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».
Кийинчерээк бир катар чуулуу сурактар, саясатчыларды жана депутаттарды кармоо жүргүзүлгөн: алар «Кумтөр» кенин казуу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат. Негизинен, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек узакбаев кармалган.
Мындан тышкары, Кыргызстандын бозгун президенттери Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевге издөө жарыяланган. Ошондой эле Бакиевдин уулу Максимге жана кенди иштетүү келишимдерине байланышы бар бир катар мурдагы аткаминерлерге издөө жарыяланган.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы басма сөз жыйында атайын кызмат өлкөнүн өкмөтүнүн алдында Кумтөрдү иштетүү боюнча кол коюлган келишимдердин баарынан чыгуу боюнча процессти демилгелегенин билдирген.
Анын айтымында, УКМК өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп бербеген ички ченемдик-укуктук актыларды жокко чыгарууну дагы демилгелеп жатат.
«Биз тараптан, УКМКнын тергөөсү Кыргызстандын өкмөтүнүн алдында 2009-жылкы жана башка келишимдерден чыгуу демилгеленди, бул кыргыз тараптын Centerra Gold Inc. компаниясынын курамынан чыгуусуна алып барат», — деген Ташиев.
Centerra Gold кандай кадамдарга барган?
Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.
Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.
Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.
Кийинчерээк Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.
Мындан тышкары, Centerra Gold «Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арызданган.
Канаданын компаниясынын арызында Бөлтүрүктү Centerra Gold компаниясынын алдындагы келишимди бузганы үчүн жана «Кыргызстандын өкмөтү жакында эле Кумтөр кенин басып алганы» үчүн сотко беришкени айтылган.
Centerra Gold компаниясынын президенти Скотт Перри «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын кызматкерлерине 1-июлда кайрылуу жасаган. Кайрылууда ал «Кумтөрдүн» кызматкерлерине «көп жылдан бери жан үрөп иштеп бергени үчүн чын дилден рахмат айтып», кыргыз бийлиги «кенди жалган маалыматтын негизинде басып алганын жана дагы деле сүйлөшүүгө макул болбой жатканын» билдирген.
Ал эми 8-июлда Канаданын компаниясы арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнө кошумча доо талаптарды койгонун жарыялаган.
Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтынга» «алтын кенин чогулушуп басып алып, эзелки инвестициялык келишимдерди бузушкандыктан» тарткан бардык зыян менен чыгымдар үчүн да жоопкерчилик жүктөгөн.