Жалал-Абад облусунда төрт турак үй жана бир сарайды сел жууп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 6-август күнү кечинде Жалал-Абад облусунун Майлы-Сай (Кызыл-Жар) шаарчасында сел жүрүп, 4 турак үй жана 1 сарай кулап түшкөнүн билдирди. Республикалык психиатриялык оорукана менен Т. Үмөталиев атындагы орто мектептин жертөлөсүнө суу толду.

Ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар жана Таш-Көмүр шаарларында селдин кесепетинен дагы эки үйдү, короолорду суу каптаган.

ӨКМден кырсыктын кесепетин жоюу иштерине 25 куткаруучу тартылганын белгилешти. Тазалоо иштери дагы эле уланууда.

Июль айынан бери Кыргызстандын ар кайсы аймактарында сел жүрүп жатат.

Бул айда сел суулары он адамдын өмүрүн алды. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сегиз адамды сел агызып каза болсо, Лейлекте сел суулары 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алды. Ошондой эле 20-июлда Сузак районунда сел жүрүп, 6 жашар кыздын өлүмүнө себеп болгон.

Ошондой эле, нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен дарыялардагы суунун деңгээли жогорулап, Караколдо 27 үйдүн тургундары эвакуацияланган. Парктарды суу каптап, көпүрөлөр жана жолдор талкаланган.

Тема боюнча:

Сүрөт баян: Аксыдагы селдин кесепеттери жана кыйылган сегиз өмүр

Каракол зоопаркы селден жабыркагандыктан «Бугу-Эне» фонду жардам сурайт