«Кумтөрдү банкрот деп табуу». Кыргызстан сотто утулса, кендин иши убактылуу токтотулат

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова 17-августта «Биринчи радионун» эфиринде «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компанини» банкротко учуратуу ишине байланыштуу соттон кийинки окуялардын болжолдуу сценарийин айтып берди. Эки компания тең — Centerra Gold Inc’тин «туунду» ишканасы.

Кутманова Centerra 16-майда Швециядагы арбитраждык сотко доо арыз бергенин, ал эми 1-июнда банкротко учуратуу боюнча Нью-Йорк сотуна арызданганын эске салды.

Анын айтымында, эгерде Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча соту Канада компаниясынын пайдасына чечим чыгарып, «Кумтөрдү» банкрот деп тааныса, анда «кендин ишмердигин убактылуу токтотууга туура келет».

Кутманова банкроттук иштер боюнча сот бүтмөйүн «Кумтөрдүн» ишмердигине байланыштуу башка эч кандай сот чечимдеринин күчү болбосун билдирди.

«Мисалы, 261 млрд сом* айып боюнча соттун чечими азыркы күндө токтотулган. Бардык чечимдер убактылуу токтоп турат. Ачыгын айтканда, Centerra болушунча бут тосуп жатат», — деген Кутманова.

*Октябрь райондук соту 7-майда Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды төккөнү үчүн «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Дагы окуңуз: «Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

Мындан тышкары, 12-майда «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн текшерген мамкомиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарган. Комиссия мүчөлөрү алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунушташкан.

Бирок Кутманованын пикиринде, Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча сотунда «Centerra’нын пайдасына чечим чыгаргыдай негиздери жок». «Кумтөрдү» банкротко учуратуу боюнча доо арызды сот 17-августта карашы керек болчу.

Банкротко учуратуу боюнча сот

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштетет. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

1-июнда Centerra’нын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин* баштоо үчүн Нью-Йорктун түштүк округундагы банкрот иши боюнча сотуна кайрылышкан.

*Бул процесстин мааниси соттун көзөмөлү астында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларына карата бүткүл дүйнө жүзүндө баардык дооматтарды автоматтык түрдө токтото турууну шарттайт.

АКШнын Федералдык кодексинин 11-бөлүмү боюнча демилгеленген банкроттук процедурасы көп учурда «кайра түзүү» банкроттугу деп аталат. Анын демилгечиси ээси болуп кала берет, ишенимдүү башкаруучунун ыйгарымдары менен милдеттери бар, бизнести жүргүзүүнү улантып, андан тышкары, (соттун макулдугу менен) жаңы акчаларды карызга ала алат.

Арыз Кыргызстандын өкмөтү экологиялык бузуулар жана мыйзам бузуулары үчүн Кумтөрдө тышкы башкаруу киргизгенден кийин беришкен. Centerra кыргыз өкмөтүнүн иш-аракетин «жалган жана адамдардын башын адаштырган маалыматтын негизинде кенге болгон көзөмөлдү тартып алуу» катары баалайт.

Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча соту 19-июлда Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп жарыялоо тууралуу өтүнмөсүн карап, аны кароодон убактылуу баш тартууну чечкен.

Дагы окуңуз:

УКМК «Кумтөр» боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөттү

Centerra: Кыргыз өкмөтүнүн «Кумтөрдү» басып алуусунан 1 млрд долларга жакын чыгым тарттык

Centerra Кыргызстандын «Кумтөр» келишимдеринен чыгуу демилгесине жооп берди