УКМК: Фарид Ниязов өзүн саясий туткун катары көрсөтүүгө аракет жасоодо

Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов. Сүрөт: Султан Досалиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ниязов түрк жарандарына кыргыз паспортун «мыйзамсыз берүү» боюнча ишти «УКМК жана ИИМ чет өлкөнүн атайын кызматына жагынуу үчүн козгогон» деп сыпаттаган.

Атайын кызмат абакта отурган Ниязов өзүн «саясий туткун катары көрсөтүүгө аракет жасоодо» деп билдирди. УКМК Ниязов бийликте турган мезгилде жасаган «бир нече мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылып жатат» деп белгиледи. Ошондой эле атайын кызмат саясатчынын көйгөйлөрүнүн башаты сот жообуна тартылбай турганына ишенип алганы экенин мойнуна алууга чакырды.

УКМК чет өлкөлүктөргө мыйзамсыз паспорт берүү боюнча сотко чейинки өндүрүш аяктап, иш сотко өтүү баскычында болгонун кошумчалады.

Эмне деген иш?

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды* жана Түркиянын ондогон жарандарына кыргыз паспортун мыйзамсыз берүүгө шектелип жатат. Аларга «Коррупция» беренеси менен айып тагылууда.

*Орхан Инанды 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ал уурдалгандан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Инандыга берилген паспорттун мыйзамдуулугу 2019-жылдан бери териштирилип жатканын кабарлаган.

Ишти тергеген Бишкек ШИИББ бул иштин алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин мурдагы башчысы Дүйшөн Сатыбалдиевди жана Жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчы Эрнист Апиловду да кармаган.

Сотко чейинки өндүрүш Орхан Инанды түрк атайын кызматы тарабынан уурдалып, Түркияга жеткирилгенден кийин башталган. Түрк бийлиги Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азиядагы жетекчиси» деп атап, Түркиянын Башкы прокуратурасы аны 22,5 жылга кесүүнү суранып жатат.

*ФЕТО же диний аалым «Фетхуллах Гүлендин кыймылы» Түркияда террористтик уюм деп таанылып, 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыпталууда. Бирок Фетхуллах Гүлен бул айыптоолорду четке кагып келет.

Ниязов Кыргызстандын күч органдары ага карата козгогон ишти «саясий буйрук» деп атады. Ошондой эле Ниязов тергөө орагандары «ага каршы эч нерсе таппай», бирок ага карабастан «начальниктин буйругун аткарып жатышат» деп билдирген.

«Күч органдарынын “Сапат” мектептеринин негиздөөчүсүнүн айланасындагы акыркы аракеттери коомчулуктун арасындагы “УКМК жана ИИМ чет өлкөнүн атайын кызматына жагынып жатат” деген ойду бекемдөөдө. Ошол эле маалда бул өз жарандарынын кызыкчылыгына каршы келет», — деген Ниязов.

Мындан сырткары ал «түрк тараптын Инандыны өлкөдөн алып чыгууда кыргыз мыйзамдарын бузбаганын айтканы Орхан Инандыны Кыргызстандын күч органдарды уурдап, Түркияга жибергенин тастыктайт» деди.

Буга чейин Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Инанды уурдалбай, атайын операциянын натыйжасында кармалганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эрдоган Түркиянын атайын кызматы кыргыз жараны Орхан Инандыны уурдап кетишкенин билдирди

HRW: Түркия Орхан Инандыны уурдап эл аралык укуктун ченемдерин бузду

Юристтер: Түркия Орхан Инандыны уурдоо менен кыргыз мыйзамдарын бузду