Ош: «Ата-Журт Кыргызстандан» талапкер болгон Сонунбек Жунусбаев вице-мэр болду

Сонунбек Жунусбаев

11-июлда өткөн Ош шаардык кеңешке шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын жетектеп барган Сонунбек Жунусбаев үч айлык сыноо мөөнөтү менен вице-мэр болуп дайындалды. Буйрукка мэр Алмаз Мамбетов 6-сентябрда кол койду.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы вице-мэр эми шаардын коммуналдык чарба жана транспорт тармагын жетектейт.

«Биримдиктен» «Ата-Журт Кыргызстанга» секирген Жунусбаев

Жунусбаев шайлоого чейин мэрияга караштуу «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгын башкарган. Кайра шайлоодо биринчи катарда барганы менен, мандат алган жок.

Мэрияда иштеп турган мезгилде ал жергиликтүү кеңешке шайлоого бир нече жолу катышкан. Алгач пандемиядан улам өтпөй калган Ош шаардык кеңешине шайлоого бийликчил делген «Биримдик» партиясынан талапкер болгон.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун алдында Жунусбаев башка муниципалдык кызматкерлер менен кошо «Биримдиктин» штабында жүргөн.

Ал эми 11-апрелде өтүп жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо партиясын алмаштырып, «Ата-Журт Кыргызстан» менен катышкан.

«Ата-Журт Кыргызстан» да коомчулукта бийликчил деп айтылат — аны УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштырышат. Ошондой эле Ош шаардык кеңешине аттанган бул партиянын курамынын көпчүлүк бөлүгүн муниципалдык кызматкерлер жана жетекчилер түзөт.

Жунусбаев парламенттик шайлоодо да, жергиликтүү кеңешке шайлоодо да мэриянын маңдайындагы №5278 шайлоо участогунда көп байкалат. Ал эми аталган участокто ар бир шайлоодо шайлоочуларды тизмеден белгилөө, аларга белгиленген беткап таратуу сыяктуу мыйзам бузуулар көп катталат.

Дагы окуңуз:

Ошто «шайлоочуларды ийне менен белгилеп» жатышат

Ош: №5278 добушканасына шайлоочулар белгиси бар беткап менен келишти

«Клооптун» журналисттери 11-июлда өткөн кайра шайлоодо дал ушул участокто Жунусбаевдин байланышы бар болушу мүмкүн делген шектүү көрүнүшкө күбө болушкан.

Анда Жунусбаев ээлик кылган «Ак-Кызмат» коомдук бирикмесинен байкоочу экенин айткан кыз участокко кирип-чыгып, унаада шайлоочуларга акча тараткан кишилер менен байланышта болгон. Кыз да, акча таратууга шектелген кишилер да журналисттин суроолорун жоопсуз калтырышкан. Ал эми Жунусбаев окуя боюнча комментарий берген эмес. Кийинчерээк аталган коомдук бирикме так Ош мэриясынын дарегине катталганы маалым болгон.

Макала чыккандан кийин Ош ШИИБи аталган факты боюча сотко чейинки өндүрүш баштаганын айтып, окуяга күбө болгон «Клооптун» операторун суракка алган. Бирок милиция азыркы күнгө чейин иштин жүрүшү боюнча маалымат бере элек.

Окуя тууралуу кененирээк окуңуз: Видео: Ошто акча тараткандар менен «Ата-Журт Кыргызстандын» кандай байланышы бар?