Улан Ниязбеков жана Аскат Эгембердиев генерал-майор наамына ээ болушту

Улан Ниязбеков / Аскат Эгембердиев

Президент Садыр Жапаров ички иштер министри Улан Ниябековго жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиевге генерал-майор наамын ыйгарды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы 24-февралда кабарлады.

Мындан сырткары президент Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант, ал эми аталган комитеттин коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Бекбосун Апсатаровго генерал-майор наамы берилген. Бул тууралуу буга чейин бир катар ЖМКлар жазып чыгышкан.

Ниязбеков жана Эгембердиев кызматка өткөн жылдын 14-октябрында Жапаров тарабынан дайындалган. Ниязбеков буга чейин ИИМдин жашыруун 7-бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, ал эми Эгембердиев ЖАМКтын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

«Эски карыздарын кызмат берип кутулууда»

УКМКнын экс-төрагасы жана өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон Абдил Сегизбаев Улан Ниязбеков 2001-жылы өлкө башчы Жапаровго 138 миң АКШ доллар кредит алып бергенин айткан. Сегизбаев бул кредит төлөнбөй калганын айтып, Ниязбеков «акчанын баарын Садыр Жапаровго бергенин жазып берди» деп билдирген.

Сегизбаевдин айтымында, Ниязбеков министрлик кызматты Жапаровдун «эски карыздары» үчүн алган.

«Азыр бизге шылуун президент, алдамчы келе жатат. Ошол министрди дагы азыр мен дайындаганынын себебин түшүнүп турам. Муруңку өткөн-кеткен замандагы карыздарын азыр кызмат таратып, бөлүштүрүп бүтүрүп берип жатат», — деди Сегизбаев.

Жапаров жана Ниязбеков бул тууралуу пикирлерин билдиришкен жок. Ал эми Сегизбаев 25-январда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен шектелип кармалган — буга экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусу негиз болгон.

Алар Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерге аралашкан деп билдиришкен. Анын ичинде «Белизгейт» иши боюнча кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп маалымдашкан.

Ошондой эле Сегизбаев «Коррупцияга» шектелүүдө. Башкы прокуратура ал жакын туугандары менен 18,46 гектар айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин мыйзамсыз түрдө өз наамына өткөрүп алганын айтууда.

Мындан сырткары Башкы прокуратура Сегизбаевге карата алты кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган. Учурда УКМКнын мурдагы башчысы 25-мартка чейин тергөө изоляторуна киргизилди.