Укук коргоочулар балдарга зомбулуктан кантип коргонууну үйрөткөн колдонмо иштеп чыгышты

Иллюстративдик сүрөт

«Балдар укугун коргоо лигасынын» укук коргоочулары жаш балдар менен өспүрүмдөр зомбулуктан өзүн кантип коргоо керектигин үйрөткөн колдонмо иштеп чыгышты.

Уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова «Клоопко» аталган колдонмо ата-энелерге, бала бакчанын кызматкерлерине жана мектеп мугалимдерине берилерин билдирди. Алар болсо балдарды зомбулуктан кантип коргонуу керектигин үйрөтөт.

«Колдонмо эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен басылып чыкты. Анда жаш балдарга жана өспүрүмдөргө өздөрүн жыныстык зомбулуктан жана агрессорлордон кантип коргонуу керектиги туууралуу маалыматтар, кеңештер камтылган», — дейт Турдубекова.

Турдубекованын айтымында, сентябрдын аягында балдар менен иштеген адисттердин катышуусунда тегерек стол өткөрүлүп, андан кийин колдонмо колдонууга берилет.

«Кече эле Таласта* бир нече кыздарга ыдык көрсөткөн окуя болуп өтпөдүбү [...] Балким балдарга ыдык көрсөткөн адам АИВ (ВИЧ) же башка ооруларды алып жүргөндүр, биз билбейбиз да. Ошондуктан жаш балдарды өзүн коргоого үйрөттүү зарыл болуп турат», — дейт Турдубекова.

Мындан сырткары, ал балдарга коргоонууну үйрөтүү заман талабы экенин белгиледи. Турдубекова колдонмо «жаш балдарга карата зомбулуктун алдын алууга салым кошот» деп ишенет.

5-сентябрда Талас облусунун Талас шаарынын 24 жаштагы тургуну 6-7 жаштагы бир нече кызга «сексуалдык ыдык» көрсөткөнү үчүн кармалгандыгы кабарланган. Милицияга тиешелүү арыз менен төрт эне кайрылган.

Ыдык көргөн кыздардын биринин апасы Сабира Кыдыралиева «Азаттыкка» кызынын ыдык көргөнүн кокусунан билип калганын айтып берген. Анын айтымында, шектүү секелек кыздарды үйүнө жаш балдар аркылуу чакыртып турган.

«Улам бир кыздан киргизип, 15-20 минутада кайра чыгарып жатканын көрүп калдым. Басып барып "эмнеге мындай кылып атасыңар" деп сурадым. Кыздарды алдап сурасам, бирөөсү "шымымды чечип, жерге жаткырды. Мен качып кеттим" деп айтып берди. Бир канча күндөн бери эле биздин кыздарга ушундай аракеттерди жасап, кумарын кандырып жүргөн экен», — деген Кыдыралиева.

Андан соң ата-энелер чогулуп, Талас ОИИБиге арыз жазышкан. Милиция окуяны КЖБРге «Ыплас аракеттер» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ал эми шектүү эки айга тергөө абагына киргизилген.

Жаш балдарга карата зомбулук

Кыргызстандагы Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова 2020-жылы өлкөдө балдарга карата зомбулуктун 287 фактысы катталганын айткан. Анын маалыматы боюнча, зомбулуктун 151 учуру кыз балдарга карата жасалган.

«177 бала физикалык зомбулукка кабылган, 71 жеткинчекке карата сексуалдык зомбулук жасалса, алардын 63ү кыздар болгон. Ошондой эле, 36 балага карата психологиялык зомбулук жасалган», — деген Рысбекова.

Ыйгарым укуктуу өкүл күч колдонуунун жалпы санынын 43% учуру 8 жаштан 14 жашка чейинки балдарга карата болгонун белгилеген. Ал эми сексуалдык зомбулук 51%ы 15 жаштан 18 жашка чейинкилерге карата колдонулган.

«Жалпы зомбулук фактыларынын ичинен 42%ы чоочун адамдар тарабынан, 32%ы баланын ата-энеси, ал эми 14%ы туугандары тарабынан жасалган», — деп билдирди ал.

Рысбекова белгилегендей, зомбулуктун дээрлик бардык фактыларынын жарымы — 48%ы — бакубат үй-бүлөлөр деп аталгандарда, 39%ы оор турмушта жашаган үй-бүлөлөрдө катталган.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын башында ИИМдин басма сөз кызматы Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккендигин билдирген.

Аталган министрлик жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болорун белгилейт. Мындан улам ИИМ ата-энелерди балдарын эркек кишилер менен жалгыз калтырбагыла деп кеңеш берет. Ким болбосун, алысырак туугандар болсо деле ушул эрежени балдарга үйрөтүү керек.

Дагы окуңуз:

2020-жылы өлкөдө 71 бала сексуалдык зомбулукка кабылган — Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл

ИИМ: Балдарга карата сексуалдык ыдыктын жарымы үйдө же конокто жасалат

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

Кочкоров: былтыр өспүрүм кыздарга карата сексуалдык зомбулуктун 27 учуру аныкталды

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт