Ырчы Бек Борбиев парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

Ырчы Бек Борбиев 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышууну пландап жатканын NewTV телеканалына курган маегинде билдирди.

Ырчынын айтымында, ал Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын алгандан кийин саясатка барууну ойлоно баштаган.

«Азыр келе жаткан шайлоого чындап катышсамбы деп жатам. Бирок биротоло чечиле элек. Буга чейин, 2010-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын катарында шайлоого баргам. Ал эми келе жаткан шайлоодо элге кызмат кылам деген партиялар болсо кошулуп, мандат үчүн күрөшүүнү ойлонуп жатам», — деп билдирди Борбиев.

Бек Борбиев 2020-жылы парламенттик шайлоодо мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимовго байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» партиясын колдогон. Матраимов — бажыдагы коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алган аткаминер.

Борбиев партиянын сьездине катышкан соң саясий бирикменин аталышындагы «Мекеним Кыргызстан» аттуу ыр жаздырып, клип тарткан. Анда ырдын аталышы бир нече жолу кайталанып партиянын логотиби көрсөтүлгөн. БШК үгүт иштери башталганга чейин агитация кылганы үчүн ырчыга 7 500 сом айып салган.

Октябрь окуяларынан улам өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Борбиев коомчулук тарабынан сынга алынган Конституциянын жаңы долбоорун эл алдында колдоп баштаган. Ал «бир адам баарына керт башы менен жооп берет» деген идеяны жактырып, долбоорду окубай туруп колдоорун айтып чыккан.

2005-жылы Борбиев Мамлекеттик бажы кызматынын «Түндүк» темир жол бажысына тиешелүү «Бишкек-1» постунун башчысы кызматын аркалаган. Бирок, өзүнүн айтымында,ал кезде Матраимов менен тааныш болгон эмес, себеби ал түштүктө иштечү.

Журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темировдун «Матраимовдун бажы империясы» иликтөөсүндө ырчынын уулу Хан-Бото Борбиевдин аты аталат — ал «Манас» бажысында ыкчам нөөмөт бөлүмүндө инспектор болуп иштеген. Анда Борбиев тергөө боюнча өз пикирин билдирип, уулу «конкурстук негизде гана» жумушка орношконун айткан.