Ош АШКсынын жаңы курамы түзүлдү

11-июлда Ош шаарында өткөн шайлоо. Сүрөт: «Клооп»

Борбордук шайлоо комиссиясы 12-сентябрдагы отурумунда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) жаңы курамын бекитти. Комиссиянын жаңы курамы буга чейин катталган резервдин эсебинен түзүлдү.

Жаңы курамга төрт партиянын өкүлү кирди, алар:

  • Бексултан Абдраимов — «Биримдик Элдик Кыргызстан» партиясы;
  • Таалайбек Примкулов — «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы;
  • Бакытбек Алматов — «Биздин Кыргызстан» партиясы;
  • Элдияр Исаков — «Тилектештик» партиясы.

Ал эми калган сегиз мүчөсү — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү. Эми Ош АШКсынын жаңы курамы төраганы шайлашы керек.

Ош АШКсынын буга чейинки курамы шаардык кеңешке аттанган партиялардын тизмесинен аял талапкерлер жапырт чыгарылгандыктан улам жоюлган. Анда Оштун шайлоо комиссиясы «Биздин Кыргызстандан» 38, «Ата-Журт Кыргызстандан» 31 аялды тизмеден чыгарып салган.

Мындан сырткары, эки партиядан шаардык кеңешке өткөн алты талапкер мандаттан баш тарткан — анын бешөө аял болгон. Боршайком бул көрүнүштөр «шек жараткандыктан» аны териштирип, натыйжада аял талапкерлерди тизмеден чыгаруу боюнча аларга карата «кысмак» болгону аныкталган.

Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын депутаты Батиярхан Турсунбаева БШКга кайрылып, мандатынан баш тартпагандыгын билдирген.

Мындан улам Боршайком Ош АШКсынын чечимдерин жокко чыгарып, комиссияны таркаткан

Ош АШКсынын буга чейинки курамдары

11-апрелде Ош шаардык кеңешке шайлоо өткөндөн кийин Расулбек Кадыров тогуз жыл төрагачылык кылган Ош АШКсы таратылган. Буга комиссиянын шайлоодогу көптөгөн мыйзам бузууларга «чара көрбөгөнү» себеп болгон.

Натыйжада Ош шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы да жокко чыгарылып, 11-июлга кайра шайлоо дайындалган. Шайлоону өткөрүү үчүн Ош АШКсынын жаңы курамы түзүлүп, аны Кушубак Ныязбеков жетектемей болгон.

Анткен менен Ныязбеков Ош АШКсында «айлык маянасы аз болгонуна байланыштуу» төрагачылыктан кетип, анын ордуна ОшТУнун проректору Урмат Аттокуров дайындалган.

11-июлда Ош шаардык кеңешке шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы менен төрт партия шайлоо босогосунан өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Ош шаардык кеңештеги 45 мандат төмөндөгүчө бөлүштүрүлгөн: «Ата-Жур-Кыргызстан» — 19, «Биздин Кыргызстан» — 15, «Улуттар Биримдиги» жети жана «Бир Бол» төрт мандат.

ТЕМА БОЮНЧА: Ош шаардык кеңешке шайлоо: депутаттардын тизмеси кандай өзгөрдү?