«Кумтөр» иши. Тайырбек Сарпашев кайра УКМКнын изоляторуна киргизилди

Экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Эми ал тергөө аяктаганча УКМКнын тергөө изоляторунда болот.  Бул тууралуу АКИпресске УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тайырбек Сарпашев УКМК тарабынанан 18-июнда «Кумтөр иши» боюнча «коррупцияга» шектелип кармалган.

Анда атайын кызматтан Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги жана канадалык Centerra компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери аныкталганын айтышкан.

Кумтөрдөгү коррупция

УКМК 11-августта «Кумтөр» боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарган.

Тема боюнча: УКМК «Кумтөр» боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөттү

УКМКдан белгилешкендей, тергөө далилдерди чогултуп Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан келишимдерди түзүүдө, түрдүү толуктоо жана түзөтүүлөрдү киргизүүдө «“Камеко” жана Centerra Gold компаниялары менен кызматташкан жылдары толугу менен масштабдуу коррупцияга жол берилген деген негиздүү жыйынтыкка» келген.

Улуттук коопсуздук комитетинен келишимдин шарттары «Кыргызстандын элинин кызыкчылыктарына жооп бербегенин» баса белгилешкен.

Кумтөр кени боюнча алгачкы келишимдерге байланыштуу өлкөнүн биринчи бозгун президенти Аскар Акаев жана «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин мурдагы башчысы Дастан Сарыгулов сыртынан кылмыш жообуна тартылган.

Ошондой эле, төмөнкү адамдарга издөө жарыяланган: экинчи качкын президент Курманбек Бакиев, анын уулу Максим Бакиев, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Капар Курманалиев, директорлор кеңешинин төрагасы Андрей Елисеев, инвестордун өкүлү Андрей Сазанов.

Тема боюнча: Ташиев Акаев менен Бакиевге издөө салды. Бозгун президенттерди кайдан издесе болот?

Мындан тышкары, «Кумтөр» ишине байланыштуу экс-депутаттар Талант Узакбаев менен Исхак Пирматов коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган. Экөө тең 300 ми ң сом айыпка жыгылган.

Бул иш боюнча УКМКнын тергөө изоляторунда депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, мурдагы өкмөт башчылар Жоомарт Оторбаев менен Темир Сариев кармалууда.