Бишкек шаардык соту 18-октябрда парламент депутаты Саматбек Ибраевди «Керемет Банкка» 2 млн 48 миң сом карызын төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Ал эми Ибраев бул чечим менен макул эмес экенин жана Жогорку сотко кайрылаарын билдирди.
Эмне болгон?
Саматбек Ибраев «Росинбанк» ААКнан* 12 млн сомдук такай жаңыланып туруучу кредиттик линия ачкан — бирок ал кайсы алынганы белгисиз. Депутат бул линиянын алкагында «ишкерликке байланыштуу эмес керектөөчү максаттарга» бир нече миллион сом насыя алган.
*2019-жылы агустта «Росинбанк» ААКы расмий түрдө «Керемет Банк» ААКы деп өзгөртүлгөн. Банктын акцияларынын 95% ашууну Кыргызстандын Улуттук банкына таандык.
Ал эми Ибраев «карызды белгиленген мөөнөттө төлөбөй келгенине» байланыштуу «Керемет Банк» 2020-жылы Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылууга аргасыз болгон. Сот 2020-жылдын 12-ноябрында «Керемет Банктын» арызын канааттандырган — Ибраев 2 млн сомдон ашуун карызды төлөөгө милдеттендирилген.
Бирок депутат бул чечим менен макул болбой, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Соттун экинчи инстанциясы Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Ибраев «Азаттыкка» курган маегинде соттук териштирүү «чарбалык иш» экенин билдирди. Ошондой эле ал бул чечимди Жогорку сотко даттана турганын кошумчалады.
«Бул боюнча “Керемет банк” менен талаштуу иш бар. Башка эч нерсе деле жок. Алар өздөрү туура эмес иштерди кылып коюшкан. Чечим да туура эмес чыккан. Эми аны адвокаттар да сүйлөшүп жатат [...] Картадан бир нерсе болуп туура эмес нерселер болуп калган. Пайыздар туура эмес бөлүнүп, ошондон кийин талаш болгон», — деди депутат.
Ибраевдер жана алдамчылык иши
Бул Саматбек Ибраев жана анын үй-бүлөсүнүн карыздары менен байланыштуу биринчи чуу эмес.
2019-жылы депутаттын уулу жана «Строймир» компаниясынын директору Данияр Ибраев бир нече курулуш компанияларына арматура алып келип берүүнү убадалап, чоң суммадагы акча алган соң дайынсыз жоголгон. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы «Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, зыяндын өлчөмү 507 млн 352 миң сомду түзгөн. 2019-жылдын декабрь айында Свердлов райондук соту Данияр Ибраевди камакка алуу чечимин кабыл алып, ал эл аралык издөөгө салынган.
Ал эми 2020-жылдын февраль айында Ибраев Болгариянын София шаарында кармалып, бирок көп өтпөй үй камагына чыгарылган. Ошондой эле Ибраев Болгария бийлигинен качкын макамын сурап жатканы белгилүү болду. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси дагы деле бүтө элек.
«Строймир» компаниясы учурда Ибраевдин аялы Нуржан Иманкуловага катталган — ал үстүбүздөгү жылдын май айында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору болуп дайындалган.
Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин имаратынын алдына ондогон киши Саматбек Ибраевдин үй-бүлөсүнө каршы митингге чыгышкан. Нааразычылык акциясына чыккандар Саматбек Ибраевден 35 млн долларды кайтарууну талап кылышып, бийликке кайрылышкан.
«Менин атам ооруп дары үчүн эле айына 50 миң доллардай каражат керек болуп калды. Данияр Ибраев “сен акчаңды темир алууга салсаң, киреше таап дарыга акча чыгарып турасың” деди. Бирок 2019-жылы атам каза болду. Мен Данияр Ибраевден акчамды берүүнү талап кылсам, ал ошол бойдон жок болуп кетти. Атасы [Саматбек Ибраев] эки жылдан бери карызды берем деп эле келатат», — деген жабырлануучулардын бири Нияз Эрдолатов.
Ал эми депутат Ибраев анын үй-бүлөсүнө коюлган дооматтарды «каралоо» жана «кара пиар» катары баалайт. Саматбек Ибраев бул аракеттер ал демилгелеген «финтех» боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу болуп жатат деп эсептейт.
«Укук коргоо органдары бар. Ар бир адам өзүнүн кылганына жооп бериш керек. Мен да жооп берем. Мен кылсам мен жооп бермекмин. Данияр кылса, өзү жооп бериш керек. Ар ким өзү жооп бериш керек да», — деди ал.
«Финтех» мыйзам долбоору жана Абдыгуловдун отставкасы
Саматбек Ибраев «Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө» талкуу жараткан өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Ибраев долбоорунда «финансылык технологияларды» («финтех») мыйзамдаштырууну демилгелеген.
Финтех — бул салттуу финансы уюмдары, башкача айтканда банктар менен атаандашуу үчүн технологияларды жана инновацияларды колдонгон компаниялар.
Мыйзам долбоорунда сунушталган негизги жаңычылдыктар — финтех-компанияларга таандык алтынды Улуттук банктын сактагычында сактоо. Ошондой эле финтех-компаниялар үчүн уставдык капиталды мыйзам менен төмөндөтүү, аны банктардын уставдык капиталынан 3%дан жогору эмес кылуу (600 млн сом) сунушталган. Тактап айтканда ал 18 млн сомдон жогору эмес сумманы түзмөк.
Анткен менен Ибраевдин кесиптештери жана Улуттук банк бул өзгөртүүлөрдү «кооптуу» деп аташкан. Улуттук банктын ошол кездеги төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул демилге өлкөнүн банк системасын талкалап гана тим болбой, Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратарын билдирген.
«Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө Улуттук банктын сактоочу жайын жеке компания колдонот деген прецедент жок. Экинчиден, Улуттук банк эсеп ачып жеке ишканаларды тейлеши керек деген мыйзам да дүйнөдө жок. Мунун баары Улуттук банк жана өлкө үчүн өтө кооптуу. Себеби жарнамада Улуттук банктын аты аталат», — деген Абдыгулов 29-сентябрдагы парламенттин жыйынында.
Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев Ибраев менен бирге финтех жөнүндө мыйзам долбоорун жазган финансист Владимир Фроловдун репутациясы шек жаратканын эскерткен. Анын кесиптеши Мурадыл Мадеминов Улуттук банк буга чейин туруктуу иштеп келгенин белгилеп, «Кыргызстандын банк, каржы тармагы кыйрай баштаса депутат Ибраев күнөөлүү болот» деп билдирген.
Кененирээк бул жерден окуңуз: «Банк системасы кыйраса — Ибраевди күнөөлөгүлө». Финтех мыйзамы эмне үчүн кооптуу?
Мындан улам депутат Ибраев Толкунбек Абдыгуловду кескин сындап баштаган. Көп өтпөй Абдыгулов кызматтан кетип, анын ордуна «бакиевчил кадр» Кубанчыбек Бөкөнтаев дайындалган.
Ал эми 5-октябрда экономикалык жана фискалдык саясат боюнча парламенттик комитет Ибраевдин финтех боюнча мыйзам долбоорун бир добуштан четке какты.