ЖАМК Жеңиш Молдокматов «кыйноолорго кабылды» деген маалыматты четке какты

«Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу «Клоопко» саясатчы Жеңиш Молдокматов Бишкектеги №1 тергөө изоляторунда «басымга» кабылганын билдирди. Бекчоро уулунун айтымында, аталган маалыматты ага тергөө абагынын кызматкерлери анонимдүү кабарлашкан.

«Буга чейин соттук отурумдарда Молдокматов саясий куугунтук болуп жатканын айтып, бийликти сындап келген. 2-ноябрда Молокматовдун соту уланмак, ошол себептен Молдокматовду сүйлөтпөө максатында кыйноого алып жатышканын анонимдүү булактар айтышты», — деп түшүндүрдү ал.

Молдокматовдун тарапташтары анын адвокаты өлкөнүн сыртында болгондуктан Кыйноолордун алдын алуу борборуна жана Акыйкатчы институтуна ооз эки кайрылышкан.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы «Туран» партиясынын лидери Молдокматовго «кысым болуп жатат» деген маалыматты четке какты.

«Ар бир бөлмөдө камералар орнотулган, ал жактан карап турушат. Келип Молдокматов менен жолугуп кетишсе да болот. Азырынча Акыйкатчы институтунан же башка жактардан эч ким келген жок», — деп ЖАМКтан билдиришти.

Жеңиш Молдокматов

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Жеңиш Молдокматовду 6-майда кармаган — ага «Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу» беренеси менен айып тагылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Молдокматов 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратын басып алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаеди бошотууга мажбурлаган. Кийинчерээк саясатчынын адвокаты Турдалиев анын беренеси «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» алмашканын билдирген.

Ал эми Биринчи май райондук соту 8-майда Молдокматовду эки айга камакка алган. «Туран» партиясынын лидери абактан жазган катында мамлекетте «адилеттүүлүккө жана чындыкка болгон үмүт өчтү» деп билдирген.

Кийинчерээк Молдокматов дагы үч берене боюнча айып тагылганын кабарланган, алар: «Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу», «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук».

8-октябрда Биринчи май райондук сотунда «Массалык башаламандыктар» боюнча биринчи соттук отурум өтүүсү керек болчу, бирок ал 18-октябрга жылдырылган. Ал эми 18-октярбдагы отурумда Молдокматовдун бөгөт коюу чарасы узартылган.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов буга чейин президент Садыр Жапаров баш болгон бийликти сындап келген. Молдокматов Жапаров демилгелеген Баш мыйзамга каршы экенин билдирип «Ханституцияга каршы» борборун жетектеген. Ал жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийлик узурпацияланышы мүмкүн экенин айткан.

Ошондой эле саясатчы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгинен Өзбекстанга жер берүүгө каршы чыгып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иш-аракетин сынга алган.

Мындан сырткары Молдокматов Ташиев кыргыз-тажик чек арасында ок атууларды алдын алууга аракет кылган жок деп сындап, анын отставкасын талап кылган.