Жапыкеев президенттен Мелис Аспековго ырайым сурады

Финполдун экс-төрагасы Сыймык Жапыкеев президент Садыр Жапаровго кайрылып, 250 миң доллар пара опузалоого шектелип кармалган активист Мелис Аспековко ырайым берүүнү өтүндү.

Сыймык Жапыкеев жана Садыр Жапаров. 

Жапыкеевдин айтымында, Аспеков 250 миң долларды алган күндө деле, акча азыр тергөөдө турат — жоголуп кеткен жок.

«Бирок, бир [адамдын] тагдырдын астында бул [акча деген] эмне? Ден соолугу нервтин айынан өтө начарлап кетти деген маалыматты ютубдан көрдүм», — деп жазды ал фейсбук барагына.

Сыймык Жапыкеевдин барагынан скриншот. 

Экс-финполчунун айтымында, ал Аспеков менен Садыр Жапаровдун апасын акыркы сапарга узатканы барганда таанышкан, кийин бир канча ирет митингдерден көргөн.

«Менин жеке оюм, урматтуу Садыр ава, Садыр Нуркожоевич, ушул жигитке жаман болду. Түрмөдө жылан да жатпасын, Мелиске ырайым көрсөтүңүз. Камактан чыгарып берсеңиз туура болмокко деген ойдобуз. Менимче Мелис Аспеков жаман жигит эмес. Түрмөдө жатып чарчап калса балдары, үй-бүлөсүнө убал», — деди Жапыкеев.

Аспеков менен Жапыкеевди эмне байланыштырат?

Үстүбүздөгү жылдын май айында социалдык тармактарда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков кыйноолорго кабылганы тууралуу маалымат тараган. Активисттин айтымында, Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө алуу үчүн ур-токмокко алышкан.

Аспековдун атынан жазылган катта атайын кызматтагылар адамгерчиликке жатпаган ыкмаларды колдонуп жатканы айтылган.

Айтаарым, Сыймык сак бол — сен айласын таппай, келечеги бүдөмүк бийликтин ыңгайсыз адамы экенсиң. Жакынкы арада сени дагы, мага окшоп, калп кылмыш ишин токуп, камап салышы мүмкүн», — деп жазылган катта.

Анда Жапыкеев Аспеков менен кандайдыр бир байланыштары бар экенин четке каккан. Ал эми УКМК Аспеков кыйноого кабылган жок деп билдирген.

Көп өтпөй, 24-майда УКМК Аспековго карата дагы бир кылыш ишин козгогон. Тергөөнүн версия боюнча Аспеков аялдан соттолгон тууганын бошотуп берем деп 15 миң доллар акча алган.

Аспеков деген ким?

Мелис Аспеков — 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан митингге катышкан активист. Анда учурдагы президент Садыр Жапаров колониядан чыккан.

Жапаров жана Аспеков. 

Активист Садыр Жапаровду активдүү колдоп, социалдык тармактарында ага үгүт кылган. Көп өтпөй Жапаров премьер болгондон кийин Аспековдун бейбаштык боюнча соттолгону жокко чыгарылган.

Аспеков Жапаровду колдоону улантып, азыркы президент жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар делген «Мекенчил» партиясынын мүчөсү болгон. Ал эми октябрдын аягында Садыр Жапаровдун кадрдык дайындоолоруна нааразы болуп, ачкачылык жарыялай турганын айткан.

Ноябрь айында президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетектей турганын айткан. Ошол эле жылдын декабрында Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин активисттер Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн Боршайкомго жана ИИМге арыз менен кайрылган. Анын айтымында, алар Жапаровдун шайлоо өнөктүгүн «өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн» пайдаланышкан жана саясатчынын штабына эч кандай тиешеси жок болгон.

2021-жылдын январында Мелис Аспеков жана «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Улан Жураев «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган. Жураев камалганга чейин ага элиталык вагон тартуу кылынганын билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков активист Улан Жураев менен биргеликте ишкананын жетекчилигин финпол тарабынан текшерүү жөнөтөбүз, «Кыргызтемиржолуна» каршы митинг уюштурабыз деп ири суммадагы акча опузалашкан.

Бул окуядан кийин, ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Садыр Жапаров Аспековдун кармалышына карата оюн билдирип, «ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек» деп билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Аспеков Садыр Жапаров шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар алган деп билдирүү жасаган. Аспековдун каты анын фейсбук барагында жарык көргөн.

Көп өтпөй ЖМКларда Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген деген маалымат тарап баштаган. Бирок УКМК жана Аспековдун жактоочусу бул маалыматты төгүндөшкөн.

9-августта Аспеков инфарктка кабылган, анын себебинен ал тергөө абагынан оор абалда ооруканага жаткырылган. Августтун аягында анын жүрөгүнө операция жасалган.