Марат Иманкулов үгүт иштерине кызмат адамдары да аралашып жатканын билдирди

Марат Иманкулов. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 3-ноябрда мамкызматкерлер менен шайлоого даярдык боюнча жыйын өткөрдү. Анда ал үгүт иштерине аралашып жаткан кызмат адамдары бар экенин белгилеп, аларга чара көрүлүшү керек экенин эскертти.

«Мугалимдерди, студенттери, дарыгерлерди жана башка мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерди шайлоодогу үгүт иштерине тартууга жол берилбейт», — деди ал.

Ошондой эле Иманкулов мамлекеттик органдар шайлоону таза өткөрүү үчүн болгон аракетин жасап, мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү керектигин айтты.

Кечээ, 3-ноябрь күнү, Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясы шайлоочулар менен үгүт иш-чарасын өткөргөн. Алардын арасында «мугалимдер сабактан бошотуп алып келген» студенттер да болгон.

Ош ШИИБи иш-чарага катышкан студенттерди күбө катары суракка алып, аталган факты боюнча «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Дагы окуңуз: «Азаттык» партиясы жана студенттер. Ош ШИИБи админресурс колдонуу фактысын иликтейт

«Таза» шайлоо өткөрүү

Президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоодо админресурс колдонулбайт деп убадалап келет. Ал «шайлоого аралашкан мамкызматкерлер жумуштан алынып гана четтелбей, мыйзам чегинде жазасын алат» деп эскерткен.

Ошондой эле президент «28-ноябрда келечек муунга үлгү болчу шайлоо өткөрүү кажет экенин, бул үчүн эл да добушун сатпашы керектигин» белгилеген.

Ал эми Марат Иманкулов «шайлоодо бийликтин партиясы да, талапкери да болбойт» деп ишендирген.

Анткен менен шайлоо жакындаган сайын бийликке ыктаган бир нече партия бар экени айтылып келет. Мисалы «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешелүү деген кептер тараган. Анткени партияны анын айылдашы, мурдагы «Мекенчил» — Айбек Маткеримов жетектейт.

Ошондой эле бул партия менен Ташиевдин уулу Тай-Мурас Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп, кийинчерээк мандатын тапшырган. Камчыбек Ташиев өзү партия ага таандык делген маалыматты четке каккан.

Мындан сырткары «Ынтымак» партиясы менен президент Садыр Жапаровдун жардамчысы Адинай Марипова, парламенттин экс-спикери Талант Мамытов, президенттик шайлоодо Жапаровдун Нарын облусу боюча штабын жетектеп, кийинчерээк Инвестициялар министри болгон Алмамбет Шыкмамтов жана Ысык-Көл облусунун мурунку башчысы Балбак Түлөбаев катышып жатат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалып, 29-октябрь күнү расмий түрдө үгүт иштери башталган.