УКМКнын Өзгөн районундагы бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү

19-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облусунун Өзгөн районундагы бөлүмү жаңы курулган имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу Ташиевге караштуу «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы барагына жазды.

Жаңы имараттын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, андан тышкары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын ардагерлери жана өздүк курамы катышты.

Ачылыш аземде Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, парламенттик шайлоого карата мыйзамдуулуктун сакталышына кенири токтолду. Ал «бардык тараптарга бирдей мыйзамдуу шарт түзүлгөнүн айтып, мамлекеттик кызматкерлерге шайлоонун үгүт иштерине аралашпоо тууралуу эскертти.

Рахмановдун айтымында, УКМКнын жаңы имаратында бөлүмдүн кызматкерлери үчүн зарыл болгон бардык шарттар бар, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалган.

Андан тышкары, алдыда дагы атайын кызматтын аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базаларын жаңылоо, чыңдоо иштери улантылаары белгиленди.

Бул акыркы төрт ай ичинде Камчыбек Ташиев өзү ачкан УКМКнын бөлүмүнүн алтынчы имараты. Август айынын аягынан ноябрь айына чейин УКМКнын кызматкерлери үчүн жаңы имараттардын ачылышы: