Айбек Маткеримов: Ташиевден мекенге чын жүрөктөн ак кызмат кылуу кандай экенин үйрөндүм

Айбек Маткеримов жана Камчыбек Ташиев

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын лидери Айбек Маткеримов аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен «жердеш болгону үчүн» байланыштырышат деп эсептейт. Мындай пикирин талапкер КТРКда өткөн теледебатта айтты.

Ошол эле учурда Маткеримов Камчыбек Ташиевден көптөгөн үлгү алганын белгиледи.

«Мен ал кишиден көптөгөн үлгүлөрдү алдым. Алардын эң негизгилери, мекенге чын жүрөктөн ак кызмат кылуу кандай экенин үйрөндүм. Мен ал кишиден энелерди сыйлоо кандай бакыт экенин үйрөндүм. Мен ал кишиден чынчылдыкты, тайманбастыкты жана дагы бир жолу айтып кетем, ак кызмат кылууну үйрөндүм», — деди ал.

Анткен менен Маткеримов мурда Ташиев жана президент Садыр Жапаров менен партиялаш болгонуна карбастан, «президенттен жана УКМКнын төрагасынан колдоо болуп жаткан жок» деп ишендирди.

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» Камчыбек Ташиевге тиешелүү деп айтылат. Бирок Ташиев өзү да, партия лидери Маткеримов да бул маалыматты четке кагып келет.

Ал эми Айбек Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган.

Ошондой эле 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган.

Анда «Мекенчилди» Камчыбек Ташиев баштап барган. Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланып, бирок октябрь айынын башында мандатын тапшырган. Муну ал «бизге саясатка аралашууга эрте деп» түшүндүргөн.

Ташиев өзү 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын курамында келген. Ага чейин ал парламентте 2005-2007-жылдары депутат болгон.