Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна барды, аны облус башчысы кабыл алды

Эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна барды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Балбан кызды облустук администрациянын жетекчилиги тосуп алды. Кийинчерээк Тыныбекованы президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү кабыл алды.

«Облус жетекчисинин дүйнө чемпионун өлкө борборунан миң чакырым алыс аралыктагы аймагыбызга чакыргандагы максаты — Баткен облусунун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүү жана спортту сүйгөн жаштарга дем күч берүү болуп саналат», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Ал эми Тыныбекова инстаграм баракчасында Алимбаевге ыраазычылыгын билдирип, 10-декабрда АКШдан түз Баткенге келгенин билдирди.

«Кечээ эле АКШдан түз Баткен жергесиндеги жаш спортчулар менен жолугушуу үчүн келдим. Спорттогу бийиктиктерди бир гана күч менен багындыруу мүмкүн эмес, ошондуктан ар бир мүмкүнчүлүктү текке кетирбей туура пайдаланууга чакырам!» — деп жазды ал.

Айсулуу Тыныбекова Баткенде эки күн болот. Бул күндөрү ал апрелдеги куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткендин Ак-Сай жана Лейлектин Максат айылдарынын тургундары жана мектеп окуучулары менен жолугат.

Ошондой эле балбан кыз жаш балбандарга мастер класс өтөт. Андан соң Баткен шаарынын жаш спортчулары жана тургундары менен жолугуп, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебине барат.

Айсулуу Тыныбекова

Айсулуу Тыныбекова октябрь айында Норвегияда өткөн эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында атааңдашып таза жеңип, чемпиондук титулун коргогон.

Августта Тыныбекова Токио-2020 Олипиадасында эркин күрөш боюнча күмүш медалды багындырган. Муну менен ал — эгемен Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен алгачкы балбан кыз аталган.

Ошондой эле спортчу Азиянын эркин күрөш боюнча төрт жолку чемпиону.

Ал United World Wrestlingдин дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесинин сап башында турат. 2020-жылдын башында Тыныбекова Италияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль тагынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жеңиш жана жеңилүү, ишеним жана күмөн саноо. Айсулуу Тыныбекова Бирдиктүү күрөш дүйнөсүнө маек курду