Кара-Суу райондук соту кримтөбөл Кадыр Досоновду үй камагына чыгарды

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту 23-декабрда «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновду 15-февралга чейин үй камагына чыгарды. Маалыматты «Клоопко» Ош облустук соттун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы тастыктады.

Туратбек кызынын айтымында, 17-декабрда Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева соттук териштирүү башталганга чейин, бөгөт чарасы жөнүндө өтүнүч менен кайрылган.

«Бөгөт чарасы боюнча өтүнүч гана каралды. Досоновдун бөгөт чарасы 15-февралга чейин үй-камагына өзгөртүлүп, сот залынан бошотулган. Биротоло бошотулган жок. Учурда иш соттук териштирүү стадиясында», — деп билдирди Туратбек кызы.

Басма сөз катчы Досоновдун соттук теришитүү иши «бүтө электигин» белгилеп, алгачкы отурум 2022-жыдын 5-январына дайындалганын кошумчалады.

Кадыр Досонов деген ким?

Кадыр Досонов.

Досонов — Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары «Женго» каймана аты менен белгилүү. Ал 2015-жылдын февралында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берүүгө айыпталган. 2017-жылы Кара-Суу райондук соту да, Ош облустук соту да аны актаган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Өткөн жылдын 30-ноябрында УКМК Досоновдун «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар» деп ага издөө жарыялаган. Кримтөбөл үстүбүздөгү жылдын 11-февралда кармалып, абакка киргизилген.

17-февралда атайын кызмат Досонов «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого» да шектелип жаткандыгын кабарлаган. Ошондой эле, УКМК «Женго» жана анын жакын туугандарына ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси катталганын билдирген.

Анткен менен Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «Женго» кармалбаганын, ал УКМКга өзү келгенин кабарлаган. Ошондой эле, ал Досоновдун уулуна жана мурдагы жубайынын бир тууганына укук коргоо органдары тарабынан баңгизат «ташталганын» белгилеген.

Мындан сырткары жактоочу УКМКнын кызматкерлери Досоновго буга чейин «эл көзүнө кармалып берүүсүн» сунуштаганын ачыктаган. Адвокаттын айтымында, атайын кызмат «Досонов аз эле отуруп чыгат» деп убада кылган.

Бирок Сүйүнбаева бул сунуштан баш тарткандан кийин атайын кызмат анын үйүндө «мыйзамсыз» тинтүү жүргүзгөнүн кабарлаган.

Тема боюнча:

15 турак жай, 19 унаа, 35 жер тилке. УКМК «Женгого» тиешелүү мүлктү тапты

УКМК: «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов кармалды