15 турак жай, 19 унаа, 35 жер тилке. УКМК «Женгого» тиешелүү мүлктү тапты

«Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого» шектелип жатат. Бул тууралуу 17-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК Досонов жана анын жакын туугандарына ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси катталганын билдирди.

«Бир нече жолу соттолгон, эч жерде иштебеген жана ишкердик менен алектенбеген Досонов жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдардын атына катталган көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээлик кылары аныкталды», — деп берилет атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, Досоновдун курулуш компанияларында ири үлүшкө ээ экени айтылууда.

УКМК өткөн жылдын 30-ноябрында Досоновдун «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар» деп ага издөө жарыяланган. «Женго» 11-февралда кармалып, абакка киргизилген.

Анткен менен Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «Женго» УКМКга өзү келгенин кабарлаган. Ошондой эле, ал Досоновдун уулуна жана мурдагы жубайынын бир тууганына укук коргоо органдары тарабынан баңгизат «ташталганын» белгилеген.

Мындан сырткары жактоочу УКМКнын кызматкерлери Досоновго буга чейин «эл көзүнө кармалып берүүсүн» сунуштаганын ачыктады. Адвокаттын айтымында, атайын кызмат «Досонов аз эле отуруп чыгып кетээрине» убада берген.

Бирок Сүйүнбаева бул сунуштан баш тарткандан кийин атайын кызмат анын үйүндө «мыйзамсыз» тинтүү жүргүзгөн.

«Женго» каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досонов Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары таанымал.

Кадыр Досонов 2015-жылдын февралында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берүүгө айыпталган. 2017-жылы Кара-Суу райондук жана Ош облустук соттору аны актаган өкүм чыгарган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Ош облустук милициясы 2019-жылдын октябрында Досоновду кармаган. Анда Досоновдун айдоочусу жол тескөөчүсүнүн токтоо тууралуу буйругуна баш ийген эмес жана номуру жок унаа айдап жүргөн. Кийин унаадан тапанча да табылган. Айдоочуга айып салынып, Женго профилактикалык сүйлөшүүдөн кийин коё берилген.