Миномёт жана унааларга таш ыргытуу. Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү, кырдаал «туруктуу»

Иллюстративдик сүрөт

УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасынын аймагында 26-декабрь саат 11:00 карата кырдаал «туруктуу» экенин маалымдады. Ошондой эле мекемеден түн тынч өтүп, чыр-чатак катталган жок дешти.

Кече күнү Баткен жана Лейлек райондорунда бир нече окуя катталып, Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп баштаган.

Маалыматка ылайык, 25-декабрда саат 14:30 чамаларында Лейлектин Сай аймагынын такталбаган тилкесинин тушунда Тажикстандын чек арачылары постуна миномёт орнотушкан. Ошондой эле Лейлектин Дамба жана Максат айылдарына карама-каршы жайгашкан Тажикстандын аймагында коңшу өлкөнүн аскерлеринин топтолгону байкалган.

Ошол эле күнү саат 19:40 чамаларында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Эки-Таш аймагында 3-4 тажик жараны төрт унаага таш ыргытышкан. Анын кесепетинен унаалар жабыркап, адамдар жаракат алышкан эмес.

«Окуя болгон жерге жетип келген [Кыргызстандын] “Көк-Таш” чек ара бекетинин башчысы асманга үч ирет ок аткандан кийин Тажикстандын жарандары өз аймагына качып кирип кеткен», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Окуядан кийин Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин жетекчилери Эки-Таш аймагында жолугуп, абалды турукташтыруу максатында кошумча аскерлерди тартышкан. Ал эми тажик тарап окуяга тиешеси бар кишилер изделип жатканын кабарлаган.

Чыр ырбап кетпеши үчүн Көк-Ташка Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана Баткен чек ара отрядынын жетекчиси барган. Ал эми чек арада жайгашкан аскер бөлүктөрү «күчөтүлгөн тартипке» өткөрүлүп, абалга байкоо жана көзөмөл жүргүзүп жатышат.

Декабрь айында чек арада катталган жаңжалдар

16-декабрда Баткен районунун Көчө-Бою айылынын аймагында Тажикстандын чек арачылары асманга ок чыгарышкан. Алгач тажик аскерлери айылга кирип келип кыргыз жарандары жүргүзүп жаткан курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан. Бул аракеттер кыргызстандыктардын нааразычылыгын жаратып, ортодо кайым айтышуу орун алган.

Кийинчерээк Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолуккан. Анда кыргызстандыктар курулуш иштерин чек арага жакын аймакта эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде жүргүзгөнү аныкталган. Мындан улам тажик тарап курал «мыйзамсыз колдонулганын» моюндаган.

Ошондой эле, Тажикстандын чек ара өкүлү чыр-чатакка жол берген аскерлерге «чара көрүлөт» деп ишендирген.

Ал эми 22-декабрда Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесине жакын Максат — Жаштык унаа жолунда бара жаткан КамАЗга тажик чек арачылары ок чыгарышкан.

Маалыматка ылайык, айдоочу арыктан суу алып жатканда коңшу өлкөнүн үч чек арачысы анын унаасына отуруп Тажикстандын аймагына айдоону талап кылышкан. Айдоочу жолун чек арачылардын коштоосунда улаган.

Көп өтпөй кыргыз жараны анын артында келе жаткан унаанын жолун тосуп, аны «тажик аскерлери алып кетип баратканын» кыйкырып айтууга үлгүргөн. Тажик аскерлери оор жүк ташуучу унаадан качып чыгып, КамАЗдын дөңгөлөгүнө жана алдыңкы айнегине үч ирет ок чыгарган. Мындан улам кыргызстандык айдоочу айнектин сыныктарынан жаракат алган.

Социалдык тармактарда тарап жаткан видеого үч тажик аскери качып бара жатканы түшүп калган. Андан сырткары тасмадан окуя болгон жерде маршрутка токтоп турганын, анын жүргүнчүлөрү талаа жактан кайтып келишкенин көрүүгө болот.

Тасманын автору «тажик аскерлери качып бара жатышат, күзөт мунарадан жолго чейин чыгып келиптир» деп айткан. Ал эми жаракат алган айдоочу качып бара жаткан тажик чек арачылары аны көздөй ок чыгарышканын тастыктаган.

Анын эртеси күнү Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Дахма тилкесинде белгисиз кишилер аңчылык куралдан Тажикстандын жаранынын үйүнө карата эки ирет ок чыгарган. Кыргызстандын укук коргоо органдары окуя боюнча тергөө амалдарын жүргүзүшкөн. Бирок Кыргызстандын аймагында ок атуунун изи аныкталган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында асманга ок атылды, учурда абал «туруктуу»

Тажикстан күнөөнү мойнуна алып, унаага ок чыгарган чек арачыларды жазалоону убада кылды

Баткен: Дахма тилкесинде белгисиз кишилер тажик жаранынын үйүнө карата ок чыгарды