Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши: Нарындын экс-прокурорунун өкүмү өзгөртүүсүз калды

Майрамбек Акматалиев

Бишкек шаардык соту 16-декабрда «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иштин фигуранттарынын бири Майрамбек Акматалиевдин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. 2020-жылдын август айында Свердлов райондук соту аны 260 миң сом айып пулга жыккан.

Акматалиев Нарын облусунун прокурорунун мурдагы орун басары. Ал эми Батукаев 2013-жылы Нарындагы №24 түзөтүү колониясынан бошотулуп жатканда Акматалиев атайын прокурор кызматын ээлеп турган.

Акматалиевдин жактоочусу Марат Эшперов Свердлов райондук сотунун чечими менен макул болбой, соттун экинчи инстанциясына кайрылган. Ал айып пулдун өлчөмүн 220 миң сомго чейин түшүрүүнү өтүнгөн. Бирок сот анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Азиз Батукаевдин бошотулушу

Батукаев 2013-жылы 9-апрелде күнү мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан — бул тууралуу чечимди атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен катаал режимдеги №24 абактын дарыгерлеринин чыгарган “канындагы оор лейкоз дарты” деген корутундусуна таянып Нарын облустук соту чыгарган.

Батукаев бошотулаары менен дароо Кыргызстандан чыгып, Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткен. Батукаев Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) 2008-жылдан бери камакта болчу.

Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.

Көп өтпөй медициналык корутунду жасалма экендиги белгилүү болуп, Нарын шаардык соту Батукаевдин бошотулушу тууралуу өз чечимин артка кайтарган.

Акматалиевге кандай күнөө коюлган?

Өкүмдөгү маалыматка ылайык, Акматалиев Батукаевдин диагнозу боюнча медициналык корутунду «күмөн жаратканын» айтып, ошол кездеги башкы прокурор Аида Саляновага кайрылган. Анда атайын прокурор медициналык корутундуну кайрадан текшерүү керектигин айткан.

Анткен менен Салянова бул маселе боюнча «бийликтин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшкөнүн айтып, Батукаевди бошотуу керек» деген. Акматалиев каршы пикири үчүн Салянова аны «кызматтан алуу менен коркутканын» билдирген. Буга байланыштуу Акматалиев медициналык корутунду менен макул болгону айтылат.

Бийлик 2019-жылдын жазында Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу ишти жандандырган. Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамдан ажыратууга негиз болуп берип, арадан бир нече ай өткөн соң ал камакка алынган. Ага Батукаевдин ишине байланыштуу «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылган.

Майрамбек Акматалиев 30-майда колго түшүп, Биринчи май райондук соту ага өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Көп өтпөй Акматалиев тергөө менен кызматташууга барган.

2020-жылдын август айында тергөө менен кызматташкан 10 айыпталуучуга 260 миңден 300 миңге чейин айып пул салынган. Экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева 5 млн сомдук айыпка жыгылган. Ал эми Алмазбек Атамбаев 11 жылга кесилген.

Атамбаевдин соттук териштирүүсү Жогорку сотко чейин жетип, кылмыш ишин кайра кароо 2022-жылдын январь айына жылдырылган.