Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова депутаттыкка талапкерлигин коёт

Аида Салянова

Экс-депутат жана мурдагы башкы прокурор Аида Салянова №29 Свердлов округунда өтүүчү кайра шайлоого катышат. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирди.

Салянова өз маегинде «анын шайлоого катышуусуна мыйзамдык жактан эч кандай тоскоолдук жок» деп белгиледи. Бирок ал документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыра элек.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарында «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган. Аталган эки округда кайра шайлоо 27-февралда өтөт, ал эми депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-январында аяктайт.

1-январга карата эки округдан шайлоого катышуу ниетин 13 талапкер билдирди — алардын ичинде экс-депутат Элвира Сурабалдиева да бар.

Аида Саляновага байланыштуу иштер

2016-жылы Башкы прокуратура Салянованы «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» айыптаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Салянова 2010-жылы юстиция министри болуп туруп Алексей Елисеевден соттолбогондугу тууралуу маалымкат сурабастан эле адвокаттык лицензиясын узартып берген.

Салянова адвокаттык лицензия мыйзамдуу узартылганын жана бул иш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «буйругу» деп билдирген. Анткени экс-депутат 2015-жылы башкы прокурорлук кызматтан кеткенден кийин Атамбаевди сындай баштаган. Ошол эле жылы ал «Ата Мекен» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

Саясатчы 2016-жылы Атамбаевдин конституциялык реформаларына каршы чыгып, өлкөнүн негизги оппозициячыл депутаттарынын бири болуп калган. Ошол эле жылы анын жолдошу Бакыт Абдыкапаров жети жылга шарттуу кесилген.

2017-жылы Жогорку сот Аида Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган. Ал эми анын жашы жете элек баласы бар болгондуктан жаза өтөө мөөнөтү 2029-жылга жылдырылган. Анткен менен Алексей Елисеев Салянова менен тааныштыгы жоктугун, 2010-жылы адвокаттык лицензиясы узартылганы менен эч кандай пайда көрбөгөнүн айткан.

Аны менен бирге Салянова 2019-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишинин фигуранты болгон. Бул иштин алкагында кармалган аткаминерлерге «Коррупция» беренеси менен айып тагылып, айыпталуучулардын басымдуу бөлүгү тергөө менен кызматташууга барган. Саляновага байланыштуу иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Ал эми 2021-жылдын март айында Жогорку сот адвокаттык лицензияга боюнча Саляновага карата чыгарылган айыптоо өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Елисеевге лицензия берүү: Саляновага чыккан өкүм жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилди

Батукаевдин иши: Аида Салянова мурдагы президентке каршы көрсөтмө бергенин айтты

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши: Нарындын экс-прокурорунун өкүмү өзгөртүүсүз калды