Саясатчы Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасы боюнча сот отуруму жылды

Бишкек шаардык соту Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасы боюнча сот отуруму жылды. Буга судья Шарабидин Токтосуновдун саясатчы менен жеке тааныштыгы себеп болду.

«Сот тааныштыгым бар эле, мен ишти карабайм деген сунуш менен чыкты. Соттор кеңеши аны четтетти. Кийинки сот качан болот, кайсы судья карайт азырынча белгисиз», — деди укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева.

Бактыбек Калмаматов сот отурумуна чейин ал «ак жеринен камалганын» билдирди. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун «бийликти басып алууга аракет кылуу» боюнча ишин* «мыйзамсыз тергеген бир дагы тергөөчү, сот жазаланбаганын» белгиледи.

«Садыр Жапаровдун ишин мыйзамсыз тергеген бир дагы тергөөчү иштен айдалбаптыр. Бир сот камалбаптыр. Анан кайсыл сот адилеттүүлүгүнөн үмүт кылалы. Кайсыл тергөөнүн адилеттүүлүгүнөн үмүт кылалы. Ушул күнгө чейин эч ким жазаланбаптыр. Түрмөдөн чыгып такка жеткенден кийин бардыгын унутуп калып жатышат», — деди ал.

*2012-жылы Садыр Жапаров «Бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылуу» беренеси менен айыпталган. Анда «Ата-Журт» партиясынан ошол кезде депутат болуп турган Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов күнөөлүү деп табылган. Ал эми 2013-жылы Жапаров Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында массалык башаламандык уюштурууга жана Эмил Каптагаевди барымтага алууга күнөөлү деп табылып, 11,5 жылга кесилген. Бирок 2020-жылы Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин үч саясатчы тең акталган.

Ал арада саясатчынын жыйырмага чукул тарапташы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдына митингге чыкты. Алар Калмаматовду бошотууну талап кылышууда.

Митингдин катышуучулары «Калмаматовго боштондук», «Калмаматовду, колдойбуз» деген жазылган траспаранттарды көтөрүп турушту.

24-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Бактыбек Калмаматовду 9-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизген. Ал «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутууга» шектеп кармалган.

Өткөн жылы 28-декабарда Калмаматов абактан коомчулукка кат түрүндө кайрылуу кылып, өзү тууралуу бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Текебаевге жана Жылдызкан Жолдошевага каршы көрсөтмө берип жатыптыр деген маалыматтар толугу менен жалган экенин билдирген.

Бактыбек Калмаматовдун кармалышы

Бактыбек Калмаматов.

Бактыбек Калмаматов 22-декабрда «Манас» аэропортунда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошол эле күнү ал сегиз сааттан ашуун суракка алынып, атайын кызматтын тергөө абагына 48 саатка камакка алынган.

Калмаматовдун адвокаты Айым Камчыбекова «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга» шектелип жатканын айтып, муну «саясий куугунтук» деп сыпаттаган.

«Бул ойдон чыгарылган айып. Элдин бары анын видеолорун көргөн. Эч кандай араздашуу, козутуу жок. Жалгыз оппозициялык саясатчыга карата куугунтук», — деген ал.

Бактыбек Калмаматов — акыркы кездерде бийликти жана президент Садыр Жапаровду кескин сындап жүргөн саясатчылардын бири. Ал 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого «Азаттык» партиясы менен катышкан. Бирок анын партиясы 5% босогодон өткөн эмес.

Калмаматов «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты. Ал үстүбүздөгү жылдын январында өткөн президенттик шайлоого катышып, 0,5% добуш алган.

Тема боюнча:

«Хан адилеттүүлүктөн тайды». Саясатчы Бактыбек Калмаматов 9-февралга чейин камалды