«Калмаматов — саясий туткун». УКМК экс-депутат Данияр Тербишалиевди сүйлөшүүгө чакырды

17-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Элдик кошуундар бирикмесинин төрагасы Данияр Тербишалиев Фейсбук барагына пост жазып, Бактыбек Калмаматовдун соттук отурумдарына барганы жана аны колдогону үчүн УКМКга чакырылганын белгиледи.

«УКМК иштебей жатат деп жатасыңар! Иштеп жатат! Саясий туткун — Бактыбек Калмаматовду колдоп, сотко катышып, билдирүү жазганыма эки-үч күн боло элек, сүйлөшүүгө чакырышты», — деп жазды ал.

Данияр Тербишалиев жана Бактыбек Калмаматов. Сүрөт: Тербишалиев Фейсбук барагы.

Ал эми атайын кызмат азырынча буга байланыштуу маалымат бере элек.

Саясатчы Бактыбек Калмаматов 9-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутууга» шектелип жатат.

12-январда Калмаматовдун бөгөт чарасы боюнча сот отуруму өтүшү керек болчу. Бирок судья Калмаматов менен жеке тааныш экенин айтып, сот отуруму жылган. Ошол күнү Данияр Тербишалиев дагы сот отурумуна келген. Ал эми Калмаматовдун тарапташтары митингге чыгып, саясатчыны бошотууну талап кылышкан.

Калмаматовго кызмат сунуштоо

Ал эми президент Садыр Жапаров 17-январда «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, 2020-жылдын 7-8-октябрында өкмөттү жетектеп баштаганда Калмаматовго биринчи вице-премьер-министрлик кызматын сунуштаганын айткан.

«“Байке, мен биринчи вице-премьер болуп иштей албайм, өкмөттүк иштерде иштеген эмесмин, тажрыйбам жок, ачыгын айтайын ишти тарта албайм, андан көрө мен депутаттыкка барам" деп кетип калган. Кийин карасам “вицеликти тарта албайм” деген Бактыбегим президент болом деп чыкты», — деген Жапаров.

Ошондой эле Жапаров оппозициячыл саясатчы Калмаматовдун «артында турган карт бөрүлөр “сен ушинтип кыйкырып чык" деп көкүтүп сүрөп коюп жатышат» деген пикирде. Өлкө башчысы Калмаматовдун артындагы саясатчылар ким экенин билерин белгилеп, «алардын да жооп берчү убактысы келет» деп айткан.

Бактыбек Калмаматовдун кармалышы

Бактыбек Калмаматов.

Бактыбек Калмаматов өткөн жылы 22-декабрда «Манас» аэропортунда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошол эле күнү ал сегиз сааттан ашуун суракка алынып, атайын кызматтын тергөө абагына 48 саатка камакка алынган.

Калмаматовдун адвокаты Айым Камчыбекова ал «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга» шектелип жатканын айтып, муну «саясий куугунтук» деп сыпаттаган.

«Бул ойдон чыгарылган айып. Элдин бары анын видеолорун көргөн. Эч кандай араздашуу, козутуу жок. Жалгыз оппозициялык саясатчыга карата куугунтук», — деген ал.

Бактыбек Калмаматов — акыркы кездерде бийликти жана президент Садыр Жапаровду кескин сындап жүргөн саясатчылардын бири. Ал 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого «Азаттык» партиясы менен катышкан. Бирок анын партиясы 5% босогодон өткөн эмес.

Калмаматов «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты. Ал үстүбүздөгү жылдын январында өткөн президенттик шайлоого катышып, 0,5% добуш алган.

Тема боюнча:

Саясатчы Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасы боюнча сот отуруму жылды

«Хан адилеттүүлүктөн тайды». Саясатчы Бактыбек Калмаматов 9-февралга чейин камалды