«Мамлекеттин эң чоң көйгөйү Нарматова менен Мадумаров экен». Депутат акыркы окуялар тууралуу

Парламенттеги оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматова Super.TV ютуб-каналына маек курду. Анда ал диплому жасалма деген шек менен УКМКга сурак бергенин жана президенттин ага карата айткан билдирүүсүнө комментарий берди.

Диплом тууралуу

Депутаттын айтымында, аны декабрдын аягында эле суракка чакырышкан, бирок парламенттин жаңы сессиясы башталып калгандыктан, УКМКнын өкүлдөрүнө адвокатым менен жолуккула деп айткан. Нарматова суракка экинчи жолку чакыруу жаңы жылдык майрамдардан кийин ишке чыкканда, январда келгенин айтат.

Анын айтымында, суракка бара жатканда УКМК аны кайсыл маселе боюнча чакырганын билген эмес.

«Киргенде сурак Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп айтышты», — дейт депутат.

Ал ачыкка чыгарбоо тууралуу келишимге кол койгондуктан сурак жана тергөөнүн жүрүшү тууралуу кенен маалымат бере албастыгын айтты.

Ошол эле учурда Нарматова документтердин аныктыгын текшерүү УКМКнын эмес, ИИМдин иши экенин белгиледи. Анын пикиринде, козголгон кылмыш иши ЖАМУнун ишмердүүлүгүнө эмес, «жеке өзүнө каршы багытталган».

Анын айтымында, бул иш боюнча УКМК бир гана нарматова эмес, анын атасын, таежесин да чакырган.

«Мамлекеттин эң чоң көйгөйү Нарматова,“Бүтүн Кыргызстан” жана [Адахан] Мадумаров окшойт», — деп белгиледи ал.

Нарматованын айтымында, парламентте ага бир нече киши келип, эч нерсе деп айтпасаң өзүңө жакшы болот дешкен.

«Менин мандатыма азыркы бийликтин “мурду бүткөн” жайы жок. Себеби бийлик алардын колунда. Алар каалаган адамын Жогорку Кеңешке, ар кайсы кызматтарга алып барып алышты. Ошол эле учурда азыркы бийликке ачуу сындарын айтып турган жаштардын арасында камалбаган мен эле калдым окшойт. Бирок мандатты алып коюу менен, ар кандай каралоо менен менин кайратымды сындырабыз деген ой болсо, мен ал нерселерден коркпойм», — деди ал.

Орозайым Нарматова. Сүрөт:парламентттин басма сөз кызматы.

Жапаровдун интервьюсу тууралуу

Нарматова Садыр Жапаровдун «Вечерний Бишкек» басылмасына курган маегиндеги билдирүүлөрүнө да токтолду. Анда Жапаров Нарматова жасалма диплом алган жана «өз кылмышы үчүн жооп бериши керек» деп айткан эле.

Дапутат Жапаровдун айткандарын сынга алып, адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экенин бир гана сот аныктайт деп баса белгиледи.

«Бирок тилекке каршы мамлекеттик кызматкерлердин кармачу жеринен кармап, талылуу жеринен тартып коё турган системага түшүп калыптырбыз», — деп билдирди ал.

Андан тышкары депутат президенттин өлкөнүн биринчи бозгун президенти Аскар Акаев тууралуу айткандарын сындады. Жапаров интервьюда Акаевдин көрсөтмөсү Кумтөр ишинде пайда бергенин айтып, «Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот» деп билдирген болчу.

«Кечээ эле сиз [Садыр Нуркожоевич] Аскар Акаевди Кумтөрдө эң чоң күнөөкөр катары бизге [жаштарга] мээбизге сиңдирип, жек көрүүнү өрчүтүп койгон инсандардын бири эмес белеңиз? Адилеттүлүк үчүн күрөшкүлө деп айткан сиз эмес белеңиз?» — деп белгиледи Нарматова.

*Нарматова мурда Садыр Жапаровдун тарапташы жана «Мекенчил» партиясынын теңтөрайымы болгон. Ал Жапаровду Кумтөр маселесин көтөрүп чыкканы үчүн тандаганын айткан. Ошондой эле саясатчы «Мекенчилди» жаштарга берүүнү убадалаган. Нарматова Жапаровду куугунтукталганда, чет өлкөдө жүргөндө, кийин кармалып камакта отурганда да колдоп келген. Депутат айым башка жаш активисттер менен бирге Жапаровдун «Кумтөр» боюнча айткандарын жаздырып, дисктерин көчөмө-көчө таратып жүргөнүн айткан.

Ошондой эле ал президенттин «Кыз боозуп, энесин коркутат» деп айтканын өтө уят сөз деп сыпаттады.

«Демек менин адамдык, аялдык ар намысыма шек келтирип жаткан жигиттер сизден ушундай уят сөздөрдү үйрөнөт экен да. . . », — деп белгиледи ал.

Президенттин интервьюсунан кийин, тастыкталбаган маалыматтарды жарыялаган ар кыл пабликтерде Нарматованы сынга алып, аялдык абийирине, жеке жашоосуна асылгандар болду. Азыркы учурда көпчүлүк посттор өчүрүлдү.

Өчүрүлгөн посттун скриншоту.

Нарматовага болгон каралоолорду көрүп, экс-депутат жана укук коргоочу Чолпон Жакупова аны колдогон пикирин жарыялады.

«Орозайым, сиңдим, алар сени кемсинтишкен жок, өздөрүн уят кылышты. Депутат болуу үчүн сөзсүз түрдө “кыз” болуш керек эмес, бирок муштум, акыл жана “тайманбас” — болуш керек! Бул … чамгырлар(чүрүшкөн жана кичинекей) бардык аялдарды коркутуп, саясатка келтирбөөнү каалайт. Анткени аларды сындыруу оңой, себеби, келесоодой гендердик чектөөлөр көп!», — деди Жакупова.

Нарматованы суракка алуу

14-январда Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылган. Ошол эле күнү комитет «Бүтүн Кыргызстандын» депутаты Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУга) мыйзамсыз кабыл алынган фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Депутат шайлоого эки жолу катышканын, документтеринин баары БШКнын текшерүүсүнөн өткөнүн белгилеген. Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы каралоо аракети болгонун айткан.

Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча сурак берип чыккан «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, бийлик тараптан ага жана тарапташтарына саясий куугунтук болуп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров аларды «кылмыш кылганын» айтып, «жасаган иши үчүн жооп берсин» деген.

Нарматованы 2021-жылы да суракка алышкан — ИИМдин маалыматына караганда, ал бийликти ашыкча сындаган.

Тема боюнча:

«Эки бала оюнга тойбой калган экен». Мадумаров Башкы прокуратурада суракка алынганы тууралуу