Temirov live’дын журналисттери Бишкек ШИИББине сурак беришти

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы жана Темировдун Live редакциясынын бир нече кызматкери 28-январда Бишкек ШИИББине сурак беришти. Адвокат Замир Жоошев алар суракка күбө катары келишкенин билдирди.

Адвокат Замир Жоошев.

Жоошев сурак эки саатка созулуп, «эки тараптуу сый мамиледе» өткөнүн кошумчалады.

«Болот Темировко козголгон кылмыш ишинде төрт журналист күбө катары сурак берип чыкты. Күбөлөр жактоочулардын катышуусунда, тергөөчүлөрдү кызыктырган суроолорго жооп берип, ал эки тараптын сый мамилеси менен өттү. Ашыкча суроолор берилген жок», — деди ал.

Ошондой эле, адвокат 28-январда суракка чакырылган журналисттердин кээ бири келе албай калганынын, балким келерки жумада чакырылышы мүмкүн экенин белгиледи.

Буга чейин, 28-январда кеч курун Temirov live’дын бардык кызматкерин күбө катары суракка чакырылганы белгмлүү болгон.

«Укук коргоо органдары бизди өздөрү уюштурган баңгизат шоусуна байланыштуу суракка чакырышып, бирок биздин ишмердүүлүгүбүз боюнча маалымат алууга кызыктар болуп жатышат деген күмөн саноодобуз», — деп билдирүү тараткан Temirov live редакциясы.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы «Клоопко» Temirov live’дын бардык кызматкери суракка чакырылганын тастыктады.

Темиров менен Назаровдун кармалышы

Болот Темиров.

22-январь күнү кечинде Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери бастырып келип, тинтүү жүргүзүшкөн.

Temirov Live’дын журналистинин айтымында, күч органдары аларга «бир кыз Болот деген киши боз үйдүн жанында наша чеккенге мажбурлады» деп даттанганын айтышкан. Андан соң алар Темировду полго жаткызып, чөнтөгүнөн белгисиз бир зат алып чыгышканын айткан.

Аталган күнү милиционерлер Temirov Live’дин кеңесесиндеги техникалык жабдууларды, процессорлорду жана айрым документтерди алып чыгып кетишкен.

Кийин Темировдун колун кайрып, кишендеп наркология бөлүмүнө жеткиришкен. Анын организиминен баңгизат табылган эмес. Экспертиза бүткөндөн кийин иликтөөчү журналист милиционерлер анын чөнтөгүнө «полиэтилен баштыкчада жашыл зат салып коюшканын» билдирген.

Ошол эле күнү милиция төкмө акын Болот Назаровду кармап, жанынан полиэтилен баштыктагы гашиш табылганын билдирген.

Назаров менен Темиров кармалгандан кийин 23-январда Бишкек ШИИБдин имаратынын алдында митинг өтүп, активсттер менен журналисттер акын менен журналистти бошотууну талап кылышкан.

Ал жерге Назаровду колдогон акындар да келип, милициянын «чектен чыгуусу» тууралуу төгүп ырдашкан. Кийин журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылган.

Экөө тең УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланышы бар компаниялар тууралуу иликтөө чыккандан кийин кармалган.

Иликтөөдө Шайырбек Ташиев агасы экөөнүн жээни Байгазы Матисаков «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясынын туундуу «Кыргыз Петролеум Компании» ишканасын башкарарын ырастаган.

Ошондой эле журналисттер Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү «Регион ойл» заводунун жетекчиси менен Шайырбек Ташиевдин байланышы бар экенин дагы аныкташкан. Дал ушул компания «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы өндүргөн мазутту сатуудан эки күндө 37 млн сом киреше тапкан.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы басма сөз жыйында куруп, Болот Темиров жарыялаган иликтөөдөгү маалыматтарды «жалган жалаа» деп атап, мазут экспорттолуп жатканына «кубанышыбыз керек» деп билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни, «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) мамлекеттик компаниясынын башчысы Байгазы Матисаков 25-январда өзүнүн «таза» экенин, «анын ишине Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси жок» экенин айткан. Ошондой эле Матисаков компания иликтөөчү журналист Болот Темиров менен анын командасын сотко берүү маселесин карап жатканын билдирген.