Башкы прокуратура Адахан Мадумаров жана Исхак Масалиевди суракка чакырды

Адахан Мадумаров / Исхак Масалиев

Материал саат 17:00 жаңыртылды

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Адахан Мадумаров жана Исхак Масалиев Башкы прокуратурада сурак берип чыгышты. Бул тууралуу «Клоопко» көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирди.

Эл өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протокол боюнча сурак берип жатканы кабарланды. Анткен менен Мадумаров чыккандан кийин кайрадан саат 15:00го Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Саат 16:20га карата депутат дагы деле суракта.

Мадумаров бул иштин алкагында Башкы прокуратурага буга чейин эки жолу сурак берип чыккан. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери суракты өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кысым болуп жатканын билдирген. Анын айтымында, «баары президент Садыр Жапаровдун билдирүүсүнөн кийин башталган».

Эмне болгон протокол?

2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине жакын жайгашкан такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу чечими макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш бул протоколду ратификациялоодон баш тарткан.

Адахан Мадумаров өзү 2019-жылдын 18-сентябрында «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында протоколго койгонун чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн жападан-жалгыз жолу болгон деп негиздеген.

Ал эми 2019-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул протоколго байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

«Кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык»

Президент Садыр Жапаров Мадумаров кол койгон протокол боюнча бир нече билдирүүлөрдү жасаган. Жапаровдун айтымында, Мадумаров кол койгон протоколдон улам тажик тарап 275 метр такталбаган жерди талашып жатат. Ошол эле учурда Жапаров протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин эске салган.

Ал эми парламенттик шайлоо маалында Жапаров Баткен облустук медиа-борборунун жетекчиси Мамажан Бердишевге маек куруп, Баткенде жерлерди сатып жиберген «чыккынчыларды» суракка алып, жоопкерчиликке тарта турганын белгилеген.

Өлкө башчы 17-январда «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, «Бүтүн Кыргызстандын» лидерин кескин сындап, Мадумаров кол койгон протоколду «кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык» деп баалаган.

«Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер! Качанга чейин “артымда колдоочуларым бар, алар мени жооп берүүдөн коргоп калат” деп каалаган ишин жасап жүрө берет? Мындай көрүнүш улана берсе эзэли оңолбойбуз. Эртең дагы бир популист саясатчы чыгат да, “артымда элим бар” деп элдин ишенимин өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп, каалаганын кылып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын сатып, жыргап жүрө берет», — деген Жапаров.

Ал эми Адахан Мадумаров сурактан чыккандан кийин Жапаровдун маегин сындады.

«Мен бүгүнкү күнгө чейин Садыр Жапаровдун башкы прокурор же сот болуп калганын билбептирмин. Ал бир эле убакта тергөөчү да болуп жатыптыр, бардык кишилерге аныктама да коюп жатыптыр. Бул менимче өтө чоң маданиятсыздык, өтө чоң сабатсыздык деп эсептеш керек. Өлкө башчысымын деп отурган киши бир аз китептерди карап окуп койсо болмок. Кылмышкер деп жалгыз гана сот чечим чыгарат», — деген Мадумаров.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Беттери калың экен». Жапаров акыркы саясий сурактар жана камактагы саясатчылар боюнча оюн айтты

Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу иш боюнча кайрадан сурак берип жатат