Парламент комитети башкы судьялыкка Жапаровдун мурдагы жактоочусунун талапкерлигин жактырды

Замирбек Базарбеков, Алмасбек Абытов жана Эмил Өскөнбаев. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети 2-февралда Жогорку соттун жана Конституциялык соттун төрагалыгына өлкө башчысы сунуштаган талапкерлерди жактырды.

Президенттин атынан Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековду, ал эми Конституциялык сотко Эмил Өскөнбаевди өлкө башчысынын жана минкабдын парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов сунуштаган.

Мындан ары Базарбеков менен Өскөнбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары жактырып, андан соң президент дайындашы керек.

Базарбеков буга чейин Жапаровдун адвокаты болгон. Ал эми 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Дагы окуңуз: Садыр Жапаров бийликке келгенден тарта кызмат алган «мекенчилдер»

Ал эми Өскөнбаев буга чейин Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрага орун басары болгон.

31-январда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова отставкага кетүү тууралуу арыз жазган. Буга жаңы Конституцияда Жогорку соттун башчысын кызматка коюу тартиби толугу менен өзгөртүлгөнү себеп болгону айтылган.

Анын эртеси күнү, 1-февралда, өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызды Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеев жазган. Ал эми 2-февралда Жогорку Кеңеш алардын отавкасын кабыл алды.

Конституцияга ылайык, президент Конституциялык палатанын жана Жогорку соттун төрагаларын Судьялардын кеңешинин жана парламенттин макулдугу менен Конституциялык палатанын жана Жогорку соттун судьяларын ичинен дайындайт. Алар беш жылга дайындалат.