«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Мирлан Ураимов эки айга камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына 26-мартка чейин киргизди. Ал «бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоого» шектелүүдө.

Ураимовдун жактоочулары мындай чечим менен макул болбой, беш күндүн ичинде аппеляциялык тартипте даттана турган болду.

УКМКнын кызматкерлери Ураимовду 8-февралдын кечинде кармап, анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Активисттин жубайы тинтүү жүргүзгөндөрдүн протоколунда «Орозайым Нарматованын диплому боюнча» кылмыш иштин алкагында деп жазылганын кабарлаган.

Күч органдары Ураимовдун жубайынын жана кызынын телефондорун, ошондой эле процессор жана кагаздарды алып кетишкен.

9-февралда атайын кызмат Ураимовго «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен айып тагылганын кабарлаган. Тергөөнү версиясы боюнча, Ураимов социалдык тармактарда «чагымчыл материалдарды тараткан».

Ал эми Ураимовдун жактоочусу Юлия Богданова күч органдары анын кардарын «соцтармактарда калтырган комментарий үчүн кармаганын» билдирген. Бирок адвокат Ураимов эч кандай чакырыктарды жасабаганын жана комментарийлер «анын стилинде жазылбаганын» белгилеген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы маалымат жыйында Ураимов соцтармактарда «бүгүнкү бийликти алмаштырыш керек» деп, президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге «ар кандай аттарды коюп, чакырыктарды жасаган» деп билдирген.

Зулушев кимдир бирөөнү «жамандаган үчүн кылмыш ишин козгоо туура эмес экенин», бирок ошол эле учурда «жамандагандын оюнда чакырык же мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире турган аракеттер болсо» ал киши жоопко тартылышы керектигин белгилеген.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери жана Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Ураимовдун кармалышы партияга карата кысым деп баалаган. Ошондой эле саясатчы УКМКга жана ИИМге кайрылып «түндө барып баса калган практиканы токтотууну» талап кылган.