Президент чек ара жаңжалында каза тапкан Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө унаа белек кылды

Материал 17-мартта саат 17:01де жаңыртылды

2021-жылдын апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза тапкан Баткен районунун тургуну Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө президент Садыр Жапаровдун атынан «Лексус» үлгүсүндөгү унаа берилди. Бул тууралуу «Клоопко» президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Унааны маркумдун үй-бүлөсүнө Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев тапшырды. Ал Каратаевдин жакындарына көңүл айтып, мамлекет тарабынан жардам мындан ары да берилип турарын баса белгиледи.

Президенттин басма сөз кызматынан «Клоопко» аталган унаа кайсы каражатка алынганы тууралуу маалыматты ачыкташкан жок.

Маркумдун бир тууган агасы Абдуразак Каратаев Super.kg басылмасына курган маегинде иниси кандай жагдайда каза тапканын айтып берген. Анын айтымында, Каратаев ок атышуудан жарадар болгондорду унаасы менен ооруканага жеткирип жатып, өзү да окко учкан. Тажик аскерлери анын унаасын Көк-Таш айылынын Эки-Таш жерлигинде аткылашкан. Маркумдун артында жубайы жана алты баласы калды.

Учурда Каратаевдин үй-бүлөсү Баткен шаарындагы «Мадина» шаарчасында жашайт. Шаарчага куралдуу жаңжалда миномёттун жарылуусунан каза болгон 12 жаштагы Мадина Рахматжанованын ысмы ыйгарылган.

Апрелдеги жаңжалдын кесепетинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Алардын үй-бүлөлөрүнө «Мадина» шаарчасынан турак жай берилген.

Тажик аскерлеринин агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. 40 миңден ашуун адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Куралдуу жаңжалдан 36 кыргызстандык каза таап, 154 адам жарадар болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңжалда жалпы 140 турак үй жана 84 объект өрттөнгөнүн маалымдаган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракетин аскерий агрессия катары баалаган. Ошондой эле Кыргызстандын аскерлери коргонуу максатында гана курал колдонгонун белгилеп, Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салбаганын маалымдаган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 88 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 20 киши набыт болгонун кабарлаган.

Мындан сырткары, жаңжалда Тажикстандын жарандарына таандык 14 үй толугу менен жана үч үй жарым-жартылай бузулганын билдиришкен. Ошондой эле, бир курулуш жана бир мектеп жарым-жартылай жабыркаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан каза тапкандардын аты-жөнү