Centerra: Кумтөр боюнча Кыргызстан менен сүйлөшүүлөр аяктай элек

Канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кумтөр алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр аяктай электигин билдирди. Учурда тараптар тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Компания өз билдирүүсүн 28-мартта кыргыз тарапка жооп иретинде жасаган.

25-мартта Министрлер кабинети Кыргызстан менен «Центерранын» ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырган. Бул документке ылайык, мамлекеттик органдарга аны ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилген, ошол эле кезде, зарылчылык жаралганда, минкабдын башчысы Акылбек Жапаров макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алат, бирок ал «принципиалдуу мүнөзгө» ээ болбойт. Келишимдин чоо-жайы ачыкталган эмес.

«Центерранын» билдирүүсү

Канадалык компания тынчтык келишими ал январдын башында маалымдаган шарттарды камтыйт деп үмүттөнөт. Андай шарттардын бири — Кыргызстан «Центеррадагы» акцияларынан жана бардык экологиялык дооматтарынан баш тартышы керек.

«Жогоруда айтылгандарга жана башка маселелерге караштуу, алгылыктуу боло турган келишимге байланыштуу зарыл болгон процесстер чечилбеген бойдон калууда. Демек, кандайдыр бир сунуш кылынган бүтүм боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлө турганына же аягына чыга турганына, же болбосо мындай бүтүмдүн акыркы экономикалык жана башка шарттарына карата, эгерде ал сүйлөшүүлөр жүргүзүлсө, эч кандай кепилдик жок», — деп айтылат «Центерранын» билдирүүсүндө.

Тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөр

Кыргызстан 2021-жылдын сентябрынан бери Centerra менен ишти «тынчтык жолу менен аырашуу» боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Үстүбүздөгү жылдын февралында Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Centerra 15-мартка чейин бир жыйынтыкка келерин билдирген. Бирок азырынча андай боло элек.

Акылбек Жапаров, Centerra’нын аткаруучу директору Скотт Перри жана Тенгиз Бөлтүрүк. Сүрөт: КГКнын басма сөз кызматы

Ошол эле кезде үстүбүздөгү жылдын январында канадалык компания өз талаптарын айткан. Алардын арасында Кыргызстан Centerra’дагы 26,1% акциясынан баш тартуу керек — анын баасы 600 млн доллардан ашык деп бааланат. Ошондой эле, Centerra тараптар толугу менен, биротоло бардык дооматтардан баш тартып, жоопкерчиликти мойнуна албастан бардык юрисдикциялардагы соттук териштирүүлөрдү токтотуусун каалап жатат.

Centerra’нын талаптары тууралуу минкаб комментарий бере элек жана ал кабыл алынабы же жокпу белгисиз.

Тема боюнча:  Акылбек Жапаров Кумтөр эми Кыргызстанга таандык экенин айтты. Эмне үчүн азырынча андай эмес?

Centerra Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн тастыктады жана өз талаптарын айтты

Кыргызстандын башкаруусундагы «Кумтөр»

Centerra Gold өзүнүн «туундуу» компаниясы «Кумтөр Голд Компани» аркылуу Борбор Азиядагы ири кен деп эсептелген Кумтөрдү иштетип келген. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

17-майда депутаттар «Кумтөр Голд Компаниге» сырткы башкаруу киргизип, Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган. Ага чейин Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасын Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды мыйзамсыз төккөнү үчүн мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.