Шайырбек Ташиев депутаттык мандатынан баш тартпайт

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшырбай турганын билдирди.

«Он миңдеген кишилерден парламентте калып, шайлоо алдында берилген убадаларды аткар деген кайрылуулар келди. Мындан улам үй-бүлөм менен кеңешип туруп ушундай чечим кабыл алдым», — деди ал Sputnik.kg басылмасына курган маегинде.

Ташиевдин мандаты

23-январдагы басма сөз жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырарын айткан болчу.

«Коомдогу сын пикирлерди угуп жаткан соң мен иниме [Шайырбек Ташиевге] “бир үйдөн бир эле саясатчы чыксын, сен мандатыңды тапшыр” дедим», — деген Ташиев.

Мындай билдирүүнү ал Temirov LIVE’дын журналисттери Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн Кыргызстандагы күйүүчү май бизнеси менен байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин жасаган.

Дагы окуңуз: Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты

26-январда «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын ошол кездеги лидери Бакыт Төрөбаев Шайырбек Ташиевден мандатын тапшыруу тууралуу чечим кабыл алганы тууралуу кайрылуу келип түшкөнүн билдирген. Төрөбаев бул маселе фракциянын жыйынында чечилерин кошумчалаган.

Ал эми 28-январда Төрөбаев фракция Ташиевдин мандаты боюнча чечимди атайын комиссиянын текшерүүсүнөн кийин кабыл аларын маалымдаган.

«Анын өзүнүн шайлоочулары бар. Мен өзүмдүн оюмду айттым. Шайлоочулары жана фракциянын чечимдери бар. Алардын өздөрүнүн чечими бар, мен ага кийлигише албайм», — деген 31-январда Камчыбек Ташиев өзү.