Сузакта айдоо жерлерди менчикке мыйзамсыз чыгарган мурдагы айыл өкмөт башчысы кармалды

Сузактагы Кызыл-Туу айылы. Сүрөт:  «Турмуш»

Жалал-Абад облустук прокуратурасы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысын жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүүгө берген деген шек менен кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «К.М» атуу мурдагы айыл өкмөт башчысы айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу менчикке мыйзамсыз өткөрүүгө шектелип жатат. Мекемеден жер тилкелери чиновниктин өзүнө байланышы бар жактарга, анын ичинде туугандарына катталып, кийин үчүнчү жактарга сатылып кеткенин кошумчалашты.

Шектүү Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда жерди мыйзамсыз менчиктеширүү ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, Башкы прокуратура «Кадастр» мамлекеттик ишканасы жана айрым айыл өкмөт башчылары тарабынан менчикке мыйзамсыз берилип кеткен жерлер мамлекетке кайтарылганын билдирген. Алардын көпчүлүгү Кара-Суу районуна караштуу жерлер.

Тема боюнча:

«Кадастрдын» Кара-Суу филиалы 24 млн сомдук жерди мыйзамсыз жеке менчикке каттаган

Кара-Сууда мыйзамсыз жер сатуу иши боюнча «Кадастрдын» дагы бир кызматкери кармалды

Кара-Суу: Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатууга шектелип дагы бир адам кармалды

Кара-Суудагы жерлерди мыйзамсыз сатуу: УКМК «Кадастрдын» мурдагы жетекчисин кармады

Кара-Суу: Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды