Ырчы Бек Борбиевдин бир тууган агасы АКШга Башкы консул болуп дайындалды

Бек Борбиевдин бир тууган агасы Болот Борбиев Кыргызстандын Чикагодогу (АКШ) башкы консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Борбиевди дайындоо жөнүндөгү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Болот Борбиев деген ким?

Болот Борбиев — ырчы Бек Борбиевдин бир тууган агасы. Ал 2008-жылы ИИМдин караштуу Мамлекеттик авто инспекциянын директору болуп иштеген.

2009-жылдан 2010-жылга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болгон. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата-Журт» партиясынан шайлоого аттанган. Ошол эле жылы ӨКМдин башчысы болгон.

Бек Борбиев деген ким?

Ырчы Бек Борбиев 2021-жылдагы парламенттик шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен барган. Бул партияны УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен байланыштырып жүрүшөт.

Борбиевдин айтымында, ага бир катар партиядан сунуш түшкөн, бирок партиянын стратегиясы менен анын келечектеги көз карашы 100% дал келгендиктен «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын тандаган.

Бек Борбиев 2020-жылы парламенттик шайлоодо мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимовго байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» партиясын колдогон. Матраимов — бажыдагы коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алган аткаминер.

Борбиев партиянын сьездине катышкан соң саясий бирикменин аталышындагы «Мекеним Кыргызстан» аттуу ыр жаздырып, клип тарткан. Анда ырдын аталышы бир нече жолу кайталанып партиянын логотиби көрсөтүлгөн.

БШК үгүт иштери башталганга чейин агитация кылганы үчүн ырчыга 7 500 сом айып салган.

Октябрь окуяларынан улам өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Борбиев коомчулук тарабынан сынга алынган Конституциянын жаңы долбоорун эл алдында колдоп баштаган. Ал «бир адам баарына керт башы менен жооп берет» деген идеяны жактырып, долбоорду окубай туруп колдоорун айтып чыккан.

2005-жылы Борбиев Мамлекеттик бажы кызматынын «Түндүк» темир жол бажысына тиешелүү «Бишкек-1» постунун башчысы кызматын аркалаган. Бирок, өзүнүн айтымында,ал кезде Матраимов менен тааныш болгон эмес, себеби ал түштүктө иштечү.

Журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темировдун «Матраимовдун бажы империясы» иликтөөсүндө ырчынын уулу Хан-Бото Борбиевдин аты аталат — ал «Манас» бажысында ыкчам нөөмөт бөлүмүндө инспектор болуп иштеген. Анда Борбиев тергөө боюнча өз пикирин билдирип, уулу «конкурстук негизде гана» жумушка орношконун айткан.

Башкы беттеги сүрөт «Азаттык» басылмасынан алынды.