Жапаров чек арадагы кырдаалга байланыштуу маалыматтарды бурмалабоого чакырды

Президент Садыр Жапаров 13-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасынан чек арадагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады. Ал сөз эркиндиги бар экенин белгилеп, бирок чыр-чатактарда маалыматтарды бурмалабоого чакырды.

«Кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты өзүңөр каалагандай бурмалап жана алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериалдарды таратканды токтоткула. Бул кылыгыңар моралдык этикага туура келбейт. Мындай кылыгыңар менен абалды ого бетер курчутканга, эки элди кайраштырууга түрткү болуп жатасыңар», — деп жазды Жапаров.

Ошондой эле ал чек ара көйгөйү 30 жылдан бери чечилбей келе жатканын айтып, мөөнөтү бүткөнчө маселени чечүү ниети бар экенин жазды.

«Ооба, чек ара көйгөйү бар. 30 жылдан бери чечилбей келген маселе. Абдан кылдаттыкты, кыраакылыкты талап кылат. Такташуулар жүрүп жатат. Миңдеген километр такталбаган жерлер бар. Убакыт керек. Кудай буюрса, менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө, бул маселени чечип кетем деген ниетим бар», — деди президент.

12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан курал колдонуу менен чыр чыкты. Анын кесепетинен кыргыз тараптан жалпысынан алты адам жаракат алды, ал эми тажик тараптан бир аскер жаракат алып каза болгону айтылды.

Баткен жана Лейлек райондорнунун жалпы 18 507 тургуну кырдаалга байланыштуу коопсуз жайга эвакуацияланып, 13-апрелде кайрадан үйлөрүнө кайтышты. Учурда абал туруктуу, күч органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чек ара: Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү, тургундар үйлөрүнө кайта баштады

Баткен жана Лейлек районунун чек арага чектеш айылдарынын тургундары эвакуацияланды

Чек арадан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мурдагы ордуна чыгарып кетүү макулдашылды

Баткен облусунун башчысы: Учурда чек арадагы кырдаал биздин көзөмөлдө турат

Тажикстан Баткен районунда аскерлерди аткылап, кошумча күчтөрдү тартууда

Чек ара кызматы: Тажик тарап Достук айылын миномёт менен аткылады, жаракат алгандар бар